меню

Луканын Инжили 9 Бөлүм


1 Ыйса он эки шакиртин чакырып алып, аларга бардык жиндердин үстүнөн бийлик, ооруларды айыктырууга кудурет берип,

2 элге Кудай Падышачылыгын жар салууга жөнөттү.

3 — Жолго эч нерсе албагыла, — деди Ыйса аларга, — Таяк да, баштык да, нан да, акча да, ашык кийим да албагыла.

4 Кайсы үйгө кирсеңер, ошол үйдө калып, ошол үйдөн жолго чыккыла.

5 Эгерде бир жерден силерди кабыл албай коюшса, анда ал шаардан кетип баратып, алардын четке кагылганынын белгиси катары бутуңардын чаңын күбүп салгыла.

6 Шакирттер жолго чыгышып, айылдарды аралап, жер-жерлерге Жакшы Кабарды таратып, оорулууларды айыктырып жүрүштү.

7 Болуп жаткан окуялардын баары аким Иродго жетти. Эл арасында ар кандай сөз жүрүп, бирөөлөрү: «Жакыя пайгамбар тирилиптир!» — десе,

8 башкалары: «Илияс пайгамбар келиптир!» — деп, дагы башкалары: «Байыркы пайгамбарлардын бири тирилиптир!» — деп жатышты. Ошондуктан Ироддун башы катты.

9 «Мен Жакыянын башын алдырдым эле. Бул ким болуп кетти?» — деп, ал Ыйсаны көргүсү келди.

10 Элчилер кайтып келип, кылган иштерин Ыйсага айтып беришти. Ыйса аларды ээрчитип алып, Бейтсайда деген шаарды көздөй жөнөдү.

11 Муну билип калган эл аркасынан барды. Ыйса аларды тосуп алып, Кудай Падышачылыгы тууралуу айтып, айыгууга зар болгондорду айыктырып жатты.

12 Күн кечтеп баратканда, он эки шакирти Ага келип: — Эми элди коё бер, тегеректеги айыл-кыштактарга барып, түнөп, жегенге бир нерсе таап алышсын, анткени биз чөлдө турабыз, — дешти.

13 — Жегенге бир нерсени силер бергиле! — деди Ыйса аларга. — Колубузда беш нан менен эки балыктан башка эч нерсебиз жок. Мына бул элдин баарына тамак сатып алганы баралыбы? — дешти он эки шакирти.

14 Анткени ошол жерде беш миңге жакын адам турган. Ыйса аларга: — Элди элүү-элүүдөн бөлүп олтургузгула, — деди.

15 Шакирттери Анын айтканындай кылышты.

16 Ошондо Ыйса беш нан менен эки балыкты алып, асманды карап Кудайга шүкүрчүлүк келтирип, нанды сындырды да, элге таратсын үчүн шакирттерине берди.

17 Баары жеп, тоюшту. Нандын арткан үзүмдөрүн жыйнашканда, он эки себет толду.

18 Ыйса эл жок жерде сыйынып отурган. Шакирттери жанында болчу. Ыйса алардан минтип сурады: — Эл Мени ким деп эсептешет?

19 Шакирттери: — Кээ бир адамдар Жакыя чөмүлдүрүүчү деп, кээ бири Илияс пайгамбар деп, а кээси байыркы пайгамбарлардын бири тирилиптир деп жатышат, — дешти.

20 Ыйса алардан: — Ал эми силер Мени ким деп эсептейсиңер? — деп сурады. Ошондо Петир: — Сен Кудайдын Машаягысың! — деп жооп берди.

21 — Менин ким экенимди эч кимге айтпагыла! — деди катуу эскертип Ыйса.

22 — Адам Уулу көп азап чегип, эл башчылары, жогорку динкызматчылар жана дин мугалимдери тарабынан четке кагылып, анан өлтүрүлүп, үчүнчү күнү кайра тирилүүгө тийиш!

23 Ыйса элге кайрылып мындай деди: — Кимде-ким Мени ээрчигиси келсе, өз кызыкчылыктарынан баш тартсын, күн сайын өз айкаш жыгачын көтөрүп, жанынан кечүүгө даяр болуп, артыман түшсүн.

24 Анткени ким өз жанын сактап калам десе, аны жоготот, ал эми ким Мен үчүн жанынан кечсе, ал ага кайрадан ээ болот.

25 Бүт дүйнөгө ээ болуп, бирок өзүн өзү куруткандан же өз жанынан айрылгандан адамга не пайда?

26 Кимде-ким Менден же Менин сөздөрүмдөн баш тартса, анда Адам Уулу да Өзүнүн, Атасынын жана ыйык периштелердин кудурети менен көктөн келгенде, андан баш тартат.

27 Силерге айтып коёюн: ушул жерде тургандардын кээ бирлери Кудай Падышачылыгын көрмөйүнчө, көз жумбайт.

28 Ушундан бир жумача өткөндө, Ыйса Петирди, Жаканды жана Жакыпты кошуп алып, сыйынуу үчүн тоого чыкты.

29 Ал сыйынып жатканда, бети башкача болуп өзгөрө түштү. Кийими да аппак болуп, жылтылдап калды.

30 Аңгыча эки киши пайда болуп, Ыйса менен маектеше баштады.

31 Асман улуулугунун нуруна бөлөнгөн Муса менен Илияс пайгамбарлар Ыйсанын Иерусалимде өлүп, Кудайдын эркин ишке ашыра тургандыгы жөнүндө кеп кылышты.

32 Петир менен анын жанындагы жолдошторун болсо уйку басып турган. Алар ойгонушуп, асман улуулугунун нуруна бөлөнгөн Ыйсаны жана Анын жанындагы эки кишини көрүштү.

33 Тигил кишилер кетип бара жатканда, Петир Ыйсага айтты: — Устат, бул жерде болгонубуз кандай жакшы! Кел, үч алачык тигели: бирин сага, бирин Мусага, дагы бирин Илияска. Ал эмне дегенин өзү да түшүнгөн эмес.

34 Петир сүйлөп жатканда, бир булут пайда болуп, аларга көлөкөсүн түшүрдү. Булут аларды каптаганда, шакирттеринин үрөйү учту.

35 Ошол убакта булуттан үн чыкты: — Бул Менин тандап алган Уулум Ыйса, Аны уккула!

36 Бул үн чыккандан кийин, алар Ыйсанын жалгыз калганын көрүштү. Шакирттери үн катпай, көргөндөрүн ошол күндөрү эч кимге айтышкан жок.

37 Кийинки күнү тоодон түшүп келишкенде, аларды көп эл тосуп чыкты.

38 Аңгыча эл арасынан бир киши Ыйсага минтип кыйкырды: — Устат, суранам, баламды көрүп берчи, жалгызым эле.

39 Туруп-туруп эле жини кармайт да, чаңыртып, калчылдатып, оозунан көбүк чыкканча кыйнагандан кийин араң кетет.

40 Шакирттериңен жинин кубалап чыгаргыла деп сурансам, колдорунан келбей койду. Ошондо Ыйса:

41 — Эй, ишеними жок, бузулган эл! Качанга чейин араңарда болуп, силерге чыдаар экем? Баланы алып келгиле бери, — деди.

42 Бала басып келатканда, жин аны көтөрө чаап, калтырата баштады. Ыйса кара күчтү тыйып, баланы айыктырды да, атасына тапшырды.

43 Карап турган элдин баары Кудайдын улуулугуна таңданышты. Анын кылганына элдин баары таң калып карап турганда, Ыйса шакирттерине айтты:

44 — Бул сөздөрдү эсиңерге түйүп алгыла: Адам Уулунун кишилердин колуна түшөрүнө аз калды.

45 Бирок алар бул сөздөрдү түшүнүшкөн жок. Бул сөз алар үчүн жашыруун сыр болгондуктан, маанисин түшүнүшпөдү. Кайра сурагандан болсо коркушту.

46 Шакирттердин арасында «кимибиздин жолубуз улуу болду экен» деген ой туулду.

47 Ыйса алардын мындай оюн туюп, бир кичине баланы колуна алды да, мындай деди:

48 — Ким ушундай баланы Мен үчүн кабыл алса, Мени кабыл алганы. Мени кабыл алса, Мени Жибергенди кабыл алганы. Анткени араңардагы эң кичүүдөй болуп жүргөнү баарынан улуу.

49 Ошондо Жакан: — Устат, сенин ысмыңды оозанып, адамдардан жиндерин кууп чыгарып жүргөн бирөөнү көрүп, ал биз менен жүрбөгөндүктөн ага тыюу салдык, — деди.

50 — Тыюу салбагыла, — деди Ыйса, — ким силерге каршы болбосо, ал силер тарапта.

51 Көккө кетер убактысы жакындап калганда, Ыйса Иерусалимге барууга камданып,

52 алдын ала элчилерин жөнөттү. Алар Ыйсага жай камдоо үчүн Самариядагы бир айылга келишти.

53 Бирок Ыйсанын Иерусалимге баратканы сыртынан билинип тургандыктан, самариялыктар Ал келгенде кабыл алышпады.

54 Алардын мунусун көргөн шакирттер Жакан менен Жакып: — Эгебиз, асмандан от түшүп, буларды жалмап кетсин дейлиби? — дешти.

55 Ыйса аларды тыйып койду.

56 Ошондон кийин алар башка кыштакка өтүп кетишти.

57 Жолдон бир киши Ыйсага: — Сен кайда барбагын, мен артыңдан калбайм, — деди.

58 Ыйса ага: — Түлкүлөрдүн ийини, чымчыктардын уясы бар. Адам Уулунун болсо баш калкалаар жайы жок, — деди.

59 Анан башка бирөөгө: — Менин жолума түш, — деп айтты. Тигил: — Таксыр, адегенде үйгө барып, атамдын кашында болуп, ал өлгөндө сөөгүн коюп келейин. Ушуга уруксат этиңиз! — деди.

60 Бирок Ыйса ага: — Өз өлүктөрүн көмүүнү тирүү өлүктөргө калтыр! Сен болсо бар да, Кудайдын Падышачылыгын жарыя кыл, — деди.

61 Анда дагы бирөөсү айтты: — Таксыр, мен сизди ээрчийм, бирок адегенде үй-бүлөм менен коштошуп келүүгө уруксат бериңиз.

62 Ыйса ага жооп кайтарып: — Минткениң сени Кудай Падышачылыгына ылайыксыз кылат. Себеби буурусунду кармап, артына кылчактаган адамдай болуп жатасың, — деди.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24