1 Ошол күндөрү Рим падышасы Август мамлекетте жашаган элдин баары каттоодон өтсүн деген буйрук чыгарды.
2 Бул губернатор Кирини Сирия жерин бийлеп турган кездеги биринчи эл каттоо болчу.
3 Элдин баары катталуу үчүн өз-өз шаарларына жөнөштү.
4 Жусуп да Галилеянын Назарет шаарынан Иудеядагы Дөөт шаары — Бейтлехемге жөнөдү. Себеби ал Дөөт тукумунан эле.
5 Сөйкө салынып, Жусупка башы байланган, кош бойлуу Мариям да бирге барды.
6-7 Алар шаарга келгенде, жата турган жайда орун жок болгондуктан, ай-күнү жетип турган Мариям тун уулун малканада төрөп, баланы ороду да, акырга жаткырып койду.
8 Ошол жерде түнкүсүн талаада койлорун кайтарып койчулар жүрүшкөн.
9 Күтүлбөгөн жерден алардын алдында Эгебиздин периштеси пайда болуп, Эгебиздин улуу нуру айлананы жарык кылып жиберди. Койчулар аябагандай коркуп кетишти.
10 Бирок периште аларга: — Коркпогула! Мен бүтүндөй элди сүйүнтө турган улуу кубанычты кабарлап жатам:
11 Бүгүн Дөөт шаарында силердин Куткаруучуңар дүйнөгө келди. Ал — Эгебиз Машаяк.
12 Мына бул нерсе силер үчүн жышаан болсун: силер акырда оролуу жаткан наристени көрөсүңөр, — деди.
13 Аңгыча периштенин жанында дагы башка көптөгөн периштелер пайда болушту да:
14 — Көктө Кудайга урмат болсун! Жер бетинде Анын сүйгөн жандарына тынчтык болсун! — деп Кудайды даңкташты.
15 Периштелер асманга кетишкенде, койчулар бири бирине: — Жүргүлө, Бейтлехем шаарына барып, Эгебиз бизге билдирген бул жаңылыкты көрүп келели, — дешти.
16 Алар тез эле шаарга келишти да, Мариямды, Жусупту жана акырда жаткан наристени көрүштү.
17 Көрүшкөн соң, наристе жөнүндө уккандарын айтып беришти.
18 Муну уккандардын баары койчулардын сөзүнө таңданышты.
19 Мариям болсо баарын көңүлүнө түйө берди.
20 Койчулар Кудайды даңктап, Ага мактоо айтып, кайра кайтышты, анткени көргөндөрүнүн баары периштенин айтканындай болуп чыккан эле.
21 Бир жума өткөн соң, баланы сүннөткө олтургуза турган маал келди. Ошондо бала бойго бүтөрдөн мурда периште атап кеткендей эле атын Ыйса коюшту.
22 Муса пайгамбардын китебинде жазылган мыйзам боюнча алардын адалдануу мөөнөтү аяктаганда, баланы Эгебиздин алдына алып баруу үчүн Иерусалимге алып келишти.
23 Анткени Эгебиздин мыйзам китебинде: «Ар бир биринчи төрөлгөн эркек бала Эгебиздики!»— деп жазылган.
24 Алар Эгебиздин мыйзамы боюнча эки бактекти же көгүчкөндүн эки балапанын курмандык үчүн алып келүүгө милдеттүү эле.
25 Ошол убакта Иерусалимде Шемон аттуу адам жашаган. Ал Ысрайыл элинин азаттыкка чыгар мезгилин күтүп жүргөн адил, такыбаа, Кудайдын Ыйык Руху даарыган киши болчу.
26 Ыйык Рух ага: «Жараткан Эгенин Машаягын көргүчө өлбөйсүң» — деп алдын ала айткан эле.
27 Ошол күнү ал Ыйык Рухтун жетегинде ийбадатканага келген. Тоораттагы мыйзамда көрсөтүлгөндөй, баланы Кудайга табыштоо расмисин аткаруу үчүн ата-энеси Ыйсаны алып келгенде,
28 Шемон наристени колуна алды да, Кудайга алкыш айтып, мындай деди:
29 — Оо, Эгем, Өзүң мурда айткандай, Кулуң эми тынчтык менен көз жумсун.
30-32 Бүт элдерге даярдаган куткарууңду, Башка элдердин көзүн ачар нуруңду, Өз элиңдин, Ысрайылдын сыймыгын Эми мына көрдү менин көздөрүм.
33 Наристе тууралуу айтылган бул сөздөргө ата-энеси таң калды.
34 Шемон аларга батасын берди да, Мариямга: — Бул бала Ысрайылдагы көптөгөн адамдардын кулап калышына жана өйдө көтөрүлүүсүнө себепкер болот. Жашыруун сырларды ачыкка чыгаруучу талаш-тартыштардын белгиси болот.
35 Өзүңдүн да жүрөгүңө канжар сайылат, — деп айтты.
36 Ашыр уруусунан чыккан Пануилдин кызы Анна аттуу пайгамбар аял да ошол жерде жүргөн. Ал күйөөсү менен болгону жети жыл бирге жашап, анан жесир калган эле.
37 Сексен төрт жаштагы бул аял киши орозо кармап, сыйынып, күнү-түнү Кудайга табынып, ийбадатканадан чыкчу эмес.
38 Ал Ыйсага басып келип, Кудайыбызды алкыштады да, Иерусалимдин боштондукка чыгар күнүн күтүп жүргөндөрдүн баарына наристе бала жөнүндө айта баштады.
39 Жусуп менен Мариям Эгебиздин мыйзамындагы парыздардын баарын аткарып бүтүшүп, Галилеядагы өз шаарына кайтышты.
40 Бала болсо Кудайдын берекелүү батасына маарып, акылга толуп, чоңоё берди.
41 Ыйсанын ата-энеси жыл сайын Куткарылуу майрамына Иерусалимге келип турушчу.
42 Ыйса он эки жашка чыкканда, алар адаттагыдай эле Иерусалимге майрамдаганы келишти.
43 Майрам бүтүп, үйүнө кайтып баратышканда, Ыйса Иерусалимде калып калды. Ата-энеси муну билбей,
44 башка жолоочулар менен жүрсө керек деп ойлошту. Бир күндүк жолду басып өтүшкөндөн кийин, Аны туугандары менен тааныштарынын арасынан карашып,
45 таппаган соң, кайра Иерусалимге издеп келишти.
46 Үч күн өткөндө, устаттардын кебин тыңшап, суроо берип, ийбадаткананын короосунда олтурган жеринен табышты.
47 Ыйсаны уккандар Анын зээндүүлүгүнө жана айткан жоопторуна таң калып олтурушкан экен.
48 Ата-энеси да Ыйсаны көргөндө таң калышты, бирок энеси Ага: — Балам, бул эмне кылганың?! Мына, атаң экөөбүздүн шорубуз катып, Сени издеп, барбаган жерибиз калбады! — деди.
49 Ыйса аларга: — Мени издөөнүн эмне кереги бар эле? Атамдын үйүндө болушум керек экенин билген эмес белеңер? — деп жооп берди.
50 Бирок Жусуп менен Мариям Анын сөзүнүн маанисин түшүнүшкөн жок.
51 Ыйса ата-энеси менен Иерусалимден Назаретке келди. Ата-энесине тил алчаак болду. Энеси болсо мунун баарын көңүлүнө бекем түйдү.
52 Ыйсанын ою да, бою да өсүп, Кудайга да, адамдарга да сүйкүмдүүлүгү артты.
Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24