меню

Луканын Инжили 22 Бөлүм


1 Калама майрамы жакындап калган эле. Аны Куткарылуу майрамы деп да коюшат.

2 Жогорку динкызматчылар менен дин мугалимдери элден корккондуктан Ыйсаны өлтүрүүнүн тымызын жолун издешти.

3 Ошондо «он экинин» бири — Жүйүт Искариоттун ичине шайтан кирди.

4 Ал жогорку динкызматчыларга жана ийбадаткана сакчыларынын башчыларына барып, Ыйсаны аларга кантип кармап берерин сүйлөштү.

5 Алар абдан кубанып, Жүйүткө акысын төлөөгө макул болушту.

6 Жүйүт аларга убада кылып, Ыйсаны эл жок жерден кармап бергенге оңтойлуу учурду издей баштады.

7 Ошентип Калама майрамынын биринчи күнү да келип калды. Ошол күнү бир козуну курмандыкка чалышчу.

8 Ошондуктан Ыйса Петир менен Жаканды жиберип: — Барып, бизге майрам тамагын даярдагыла, — деди.

9 — Тамакты кай жерге даярдайлы? — деп сурашты алар.

10 Ыйса мындай жооп берди: — Шаарга киргениңерде, бир кумура суу көтөрүп бараткан адам жолугат. Аны ээрчип ал кирген

11 үйдүн ээсине: устатыбыз сага жиберип, «шакирттерим менен чогуу Куткарылуу майрамынын тамагын жей турган бөлмө кайсы» деп сурап жатат дегиле.

12 Ал силерге үстүнкү кабаттагы төшөктөр салынып, конокко даярдалган чоң бөлмөнү көргөзөт. Тамакты ошол жерге даярдагыла.

13 Алар барышканда, баары Ыйса айткандай болду анан майрам тамагын ошол жерге даярдашты.

14 Кечки тамак учурунда Ыйса элчилери менен дасторкон жанында жамбаштап жатып,

15 аларга: — Азап чегеримдин алдында мына бул Куткарылуу майрамынын тамагын силер менен бирге жешти абдан эңсеген элем.

16 Силерге айтып коёюн: Кудай Падышачылыгында куткарылуу майрамынын чыныгы мааниси толук ачылганча, мындан ары бул тамактан ооз тийбейм, — деди.

17 Анан чөйчөктү алып, Кудайга шүкүрчүлүк келтирип туруп, аларга:

18 Силерге айтып коёюн: мындан ары, Кудай Падышачылыгы орногуча, эч кандай жүзүм шарабын ичпейм, — деди.

19 Анан нанды алып, Кудайга шүкүрчүлүк келтирип, сындырды да, шакирттерине таратып берип жатып: — Бул — силер үчүн берилип жаткан Менин денем. Мени ушундай кылып эскерип жүргүлө, — деди.

20 Анан бир чөйчөктү колуна алып, мындай деди: — Бул чөйчөк — силер үчүн төгүлчү каным менен бекий турган силер менен Кудайдын ортосундагы жаңы келишим.

21 Бирок Мени өз колу менен кармап бере турган саткын Мени менен бирге дасторкон башында отурат!

22 Анткени Адам Уулу алдын ала белгиленген жол менен баратат, бирок Аны сатып кеткен адамдын шору.

23 Ошондо шакирттери: — Аны ким сатканы жүрөт? — деп бири биринен сурай башташты.

24 Шакирттеринин арасында кимибиз улуу болдук экен деген талаш башталды.

25 Ыйса аларга мындай деди: — Дүйнөдөгү падышалар эл үстүнө үстөмдүк кылышат, эл бийлегендер «эл камын көргөндөр» деп аталышат.

26 Бирок силер андай болбогула. Тескерисинче, улууңар кичүүдөй, башчыларыңар кызматчыдай болушсун.

27 Кимиси улуу: дасторкондун жанында жамбаштап жатканбы, же ага кызмат кылып турганбы? Жамбаштап жатканы улуу да, туурабы? Бирок Мен силердин араңарда кызматчы катары кызмат кылып жүрбөймүнбү.

28 Бирок силер Менин башыма кыйынчылык түшкөн кезде жанымда болдуңар.

29 Ошондуктан Атам Мени падышачылык кылганга дайындагандай, Мен да силерге бийлик берем.

30 Силер Менин падышачылыгымдагы дасторкондон даам татасыңар да, такка олтуруп, Ысрайылдын он эки уруусун башкарасыңар.

31 Эгебиз Ыйса Ысман-Петирге: — Ысман, Ысман! Буудайды электен өткөргөн сыяктуу, шайтан да силерди сыноодон өткөрүүнү талап кылды.

32 Бирок Мен сенин ишенимиң жоголуп кетпесин деп сыйындым. Сен болсо ишенимге кайтып келгениңде, боордошторуңдун да ишенимин бекемде, — деди.

33 Ысман Ыйсага: — Эгем, сени менен бирге абакка да, ажалга да даярмын! — деди.

34 Бирок Ыйса: — Петир, сага айтамын: ушул түнү короз кыйкыргыча, Мени тааныбайм деп үч жолу айтасың, — деп жооп берди.

35 Ошондон кийин Ыйса шакирттерине: — Мен силерди капчыксыз, баштыксыз, бут кийимсиз жөнөткөнүмдө, бир нерсеге муктаж болдуңар беле? — деди. Алар: — Жок, эч нерсеге, — деп жооп беришти.

36 Ыйса аларга: — Бирок мындан ары кимдин капчыгы болсо, алып алсын. Кимдин баштыгы болсо, көтөрүп алсын. Кимде канжар жок болсо, кийимин сатып ийип, канжар сатып алсын.

37 Анткени силерге айтып коёюн: «Аны кылмышкерлердин катарына кошушту»деп Ыйык Жазууда айтылган сөз Менин өмүрүмдө аткарылышы керек. Себеби Мен тууралуу айтылган сөздөр аткарылбай койбойт, — деди. Шакирттер:

38 — Эгебиз, мына бул жерде эки канжар бар, — дешти. Ыйса аларга: — Жетет, — деди.

39 Ыйса шаардан чыгып, адатынча Зайтун тоосуна жөнөдү. Шакирттери Анын артынан ээрчишти.

40 Ошол жерге жеткенден кийин Ыйса аларга: «Шайтанга азгырылбас үчүн сыйынгыла!» — деди.

41 Өзү алардан таш ыргытымдай оолагырак барып, тизеледи да, мындай деп сыйынды:

42 — Ата, эгер кааласаң, ушул азапты Мага тийгизбей өткөрүп жиберчи. Бирок Менин эмес, Сенин каалаганыңдай болсун!

43 Ошол учурда көктөн бир периште келип, Ыйсага көрүнүп, Ага кайрат берди.

44 Ыйса ого бетер берилип сыйынды. Анын тери кан тамчыларындай болуп жерге тамды.

45 Ыйса сыйынып бүтүп, ордунан турду да, шакирттеринин жанына келип, алардын кайгыдан чарчап, уктап калганын көрдү.

46 Ошондо аларга: — Эмне уктап жатасыңар? Шайтанга азгырылып кетпес үчүн сыйынгыла! — деди.

47 Ыйса сөзүн аяктай электе, топурап, бир топ адамдар келди. Аларды он эки элчинин бири, Жүйүт баштап жүрүптүр. Ал Ыйсага жакындап, өпмөкчү болду.

48 Бирок Ыйса ага: — Жүйүт, сен өөп туруп, Адам Уулуна кыянаттык кыласыңбы? — деди.

49 Ыйсанын жанындагылар эми эмне боло турганын сезишти да: — Эгебиз, канжар менен чабышпайлыбы? — дешти.

50 Алардын бирөөсү башкы динкызматчынын кулунун оң кулагын шылый чапты.

51 Бирок Ыйса: — Токтоткула! — деди да, кулдун кулагына колун тийгизип, аны калыбына келтирип, айыктырып койду.

52 Өзүн кармоого келген жогорку динкызматчыларга, ийбадаткана сакчыларынын башчыларына жана эл башчыларына Ыйса мындай деди: — Каракчыга каршы аттангансып, кылыч, токмок менен куралданып чыгыпсыңар.

53 Күн сайын силер менен кошо ийбадаткананын короосунда жүргөнүмдө, Мага кол көтөргөн жок элеңер, эми болсо силердин мезгилиңер келип, бийлик — караңгылыктыкы.

54 Алар Ыйсаны кармашты да, башкы динкызматчынын үйүнө алып барышты. Ал эми Петир артынан акмалап, ээрчип келди.

55 Сакчылар короонун ичине от жагып, тегерете жылынып отурушканда, Петир да алардын арасына барып кошулду.

56 Бир малай аял оттун жарыгынан анын отурганын көрө койду да, тигиле карап: — Бул да ошолор менен бирге жүргөн болчу, — деди.

57 Петир ага: — Ай, аял, койсоңчу, мен аны тааныбайм, — деп мойнуна албады.

58 Көп өтпөй дагы бирөө аны көрө коюп: — Сен да ошолордун бирисиң, — деди. Бирок Петир ал кишиге да: — Эй, койсоңчу, мен алардан эмесмин, — деди.

59 Бир сааттай убакыт өткөн соң, дагы бирөө: — Чынында эле, бул да анын жанында жүргөн, өзү да галилеялык экен, — деп баса айтты.

60 Бирок Петир ошол адамга: — Эй, сен эмне деп жатканыңды түшүнбөдүм?! — деди. Ал сүйлөп бүтө электе короз кыйкырды.

61 Эгебиз бурулуп, Петирди карады. Ошондо Петир Эгебиздин: «Ушул түнү короз кыйкыргыча, Мени тааныбайм деп үч жолу айтасың» деген сөзүн эстеди да,

62 сыртка чыгып, өксүп ыйлады.

63 Ыйсаны кармап турган кишилер Аны сабап, кордук көрсөтүштү.

64 Анын башын таңып туруп, уруп: — Кана, пайгамбарчылык кылып, сени ким урганын айтып берчи! — деп мазакташты.

65 Алар Аны дагы башка көптөгөн жаман сөздөр менен кордошту.

66 Таң атканда, эл башчылары, жогорку динкызматчылар жана дин мугалимдери жыйналышып, Ыйсаны өздөрүнүн жогорку кеңешке алып келишти.

67 — Эгер сен Машаяк болсоң, бизге айтчы! — дешти алар Ыйсаны суракка алып. Ыйса аларга: — Силерге айтсам, ишенбейсиңер!

68 Суроо берсем, жооп бербейсиңер!

69 Бирок ушул кезден баштап Адам Уулу кудуреттүү Кудайдын оң жагында олтура турган болот,— деди.

70 Ошондо бардыгы: — Демек, сен Кудайдын Уулу экенсиң да? — дешти. Ыйса аларга: — Дал ошонун Өзү экенимди өзүңөр айтып турасыңар, — деп жооп берди.

71 Андан кийин муну уккан алар: — Бизге башка далилдин кереги жок! Биз муну анын өз оозунан уктук! — дешти.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24