меню

Луканын Инжили 3 Бөлүм

тез өтүү:

1 Рим мамлекетине Тиберий башчылык кылганы он беш жылга караган кез эле. Иудея аймагына Понтий Пилат губернатор болуп, Галилея аймагына Ирод, Итурея менен Трахонит аймактарына Ироддун иниси Филип, Абилен аймагына Лусаний акимчилик кылып турушкан.

2 Ал эми Анас менен Каяп жогорку динкызматчылар болгон. Ошолордун тушунда чөлдө күн өткөргөн Закирдин баласы Жакыяга Кудайдан сөз түштү.

3 Ошондон баштап, Жакыя Иордан дарыясынын айланасындагы бардык аймактарды кыдырып, күнөөлөрдүн кечирилиши үчүн ниетти өзгөртүүнү жана сууга чөмүлүү расмисинен өтүүнү жар салып жүрдү.

4 Ышая пайгамбардын китебинде мындай деп жазылган жери бар: «Жар салгандын чөлдө үнү угулат: "Даяр кылган Эгебиздин жолдорун, Талаадагы басар жерин түздөгүн!

5 Кокту-колот толтурулсун бардыгы, Түздөтүлсүн тоо-дөбөнүн бардыгы. Ийри-буйру жолдор дагы оңдолсун, Тегизделсин өңгүл-дөңгүл жерлер да.

6 Мына ошондо тирүү жандын бардыгы Кудайымдын куткаруусун көрүшөт"».

7 Көп адамдар сууга чөмүлүү расмисинен өтүү үчүн Жакыя пайгамбардын алдына келишти. Жакыя аларга карап, мындай деди: — Эй, жылан тукумдары! Келечектеги каардуу жазадан кантип качууну силерге ким көрсөттү эле?

8 Ниетиңерди өзгөрткөнүңөр чын болсо, аны ошого ылайык жашооңор менен далилдегиле! Өзүңөрчө: «Ыбрайымдын балдарыбыз» деп корстон болбогула! Айтып коёюн: керек болсо Кудай Ыбрайымга мына бул жаткан таштардан бала жасап бере алат.

9 Азыр дарактардын түбүндө балта даяр турат: ар бир жакшы жемиш бербегени кыйылат да, отко ыргытылат.

10 Эл андан: — Эми биз эмне кылышыбыз керек? — деп сурады.

11 — Эки кийими барыңар бирин кийими жокко бергиле, тамак-ашы барыңар да ошенткиле, — деди ал.

12 Сууга чөмүлүү расмисинен өткөнү келгендердин арасында салыкчылар да бар эле. Алар Жакыяга келишип: — Устат, биз эмне кылышыбыз керек? — дешти.

13 Силерге белгиленгенден ашык талап кылбагыла! — деп жооп берди Жакыя аларга.

14 Аскер адамдары сурашты: — Бизчи? Кандай кылышыбыз керек? Жакыя аларга: — Эч кимди зордобогула, кордобогула жана алган айлыгыңарга ыраазы болгула, — деп жооп берди.

15 «Машаяк ушул болду бекен?» — деп үмүттөнүп, күтүп турган жамы журтка Жакыя мындай деди:

16 — Мен силерди сууга чөмүлдүрүп жүрөм, менден алда канча кудуреттүү бирөө келе жатат. Мен анын бут кийиминин боосун чечүүгө да татыбайм. Ал силерди Ыйык Рухка жана отко чөмүлдүрөт.

17 Ал өз кырманын тазалоо үчүн күрөгүн кармап даяр турат. Буудайын кампасына жыйып, топонун өчпөс отко ыргытат.

18 Жакыя элге дагы башка көп насааттарды айтып, Жакшы Кабарды жарыялады.

19 Ал аймак башчысы Ироддун да кылгандарын айтып, ашкере кылды. Ирод бир тууган инисинин аялы Иродияны алып, жана башка дагы көп жамандыктарды жасаган эле.

20 Анысы аз келгенсип, үстүнө дагы кошуп, Жакыяны түрмөгө камады.

21 Эл сууга чөмүлүү расмисинен өтүп жатканда, Ыйса да чөмүлдү. Чөмүлгөндөн кийин, сыйынып турганда, асман ачылып,

22 көгүчкөн кейпинде Ыйык Рух үстүнө түштү. Ошондо көктөн: «Сен Менин сүйүктүү Уулумсуң. Мен Сага ыраазымын!» — деген үн чыкты.

23 Ыйса Өз кызматын баштаганда отуз жаштын тегерегинде болчу. Ал адамдардын ою боюнча Жусуптун уулу деп эсептелчү. Демек, Анын санжырасы мындай: Ал Жусуптун, Элийдин,

24 Мататтын, Лебинин, Мелхинин, Жанайдын, Жусуптун,

25 Мататайдын, Амостун, Ноомдун, Эслинин, Нагайдын,

26 Мааттын, Мататайдын, Шимейдин, Жасектин, Жоданын,

27 Жаханандын, Ырыстын, Зоробабылдын, Шелтиелдин, Неринин,

28 Мелхинин, Адынын, Косамдын, Элмадамдын, Эрдин,

29 Жашыянын, Элийезердин, Жоримдин, Мататтын, Лебинин,

30 Шемондун, Жүйүттүн, Жусуптун, Жонамдын, Элиякимдин,

31 Мелейдин, Меннанын, Мататтын, Натандын, Дөөттүн,

32 Жесейдин, Абыттын, Обоздун, Шалмондун, Наасондун,

33 Аминадаптын, Рамдын, Эсрондун, Перестин, Жүйүттүн,

34 Жакыптын, Ыскактын, Ыбрайымдын, Терахтын, Нахордун,

35 Серухтун, Регунун, Пелектин, Эбердин, Шеланын,

36 Кайнандын, Арпакшаттын, Шемдин, Нухтун, Лемектин,

37 Матушалдын, Анактын, Эреттин, Махалалилдин, Кайнандын,

38 Эноштун, Шеттин, Адам атанын, Кудайдын Уулу.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24