меню

Луканын Инжили 7 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ыйса элге сөзүн айтып бүтүп, Капарноомго жөнөдү.

2 Римдик бир жүз башынын аябай жакшы көргөн кулу ооруп, өлүм алдында жаткан экен.

3 Жүзбашы Ыйсанын келгенин угуп, ага эл башчыларын жиберип, кулун айыктырып берүүсүн суранды.

4 — Ал жардамыңа татыктуу киши,

5 анткени биздин элибизди жакшы көрөт, синагогабызды куруп берген да ошол, — деп, эл башчылары Ыйсага чоң өтүнүч менен кайрылышты.

6 Ыйса макул болуп, алар менен бирге жөнөдү. Үйгө жакындап калышканда, жүз башы досторун жиберип, мындай деп айттырды: — Келип, убара болбой эле коюңуз, таксыр. Менин босогомду аттаганыңызга татыксызмын.

7 Ошол себептен алдыңызга өзүмдүн барышымды ылайык көрбөгөн элем. Кулумдун айыгышына бир ооз сөзүңүз эле жетет.

8 Мен бийлик астындагы адаммын, өзүмдүн да кол алдымда жоокерлерим бар. Алардын бирине: «Бар!» — десем, барат, башкасына: «Кел!» — десем, келет. Кулума: «Тигини жаса!» — десем, жасайт.

9 Ыйса муну укканда, таң калып, элге кайрылды: — Силерге айтып коёюн: мындай ишенимди Мен Ысрайыл элинен да жолуктурган эмесмин!

10 Жиберилген кишилер үйгө кайтып келишип, кулдун айыгып кеткенин көрүштү.

11 Арадан көп өтпөй, Ыйса Найын шаарына жөнөдү. Шакирттери менен кошо жоон топ эл чыкты.

12 Шаар дарбазасына жакындаганда, өлүк көтөрүп келе жаткандарга кезигишти. Өлгөн адам бир жесирдин жалгыз баласы экен. Жесирдин жанында бир топ адам бар эле.

13 Аны көргөндө, Эгебиздин боору ооруп кетти. — Ыйлабаңыз, — деди Ал аялга.

14 Анан басып келип, табытка колун тийгизди. Көтөрүп бараткандар тык токтой калышты. Ошондо Ыйса: — Жигит, сага айтам, тургунуң! — деди.

15 Өлүк башын көтөрүп, отура калды да, сүйлөй баштады. Ыйса аны энесинин колуна тапшырды.

16 Баарынын үрөйү учуп: «Арабыздан улуу пайгамбар чыгыптыр, Кудай Өз элин куткарууга келиптир!» — деп Кудайды даңкташты.

17 Ыйса тууралуу мындай сөз бүткүл Иудеяга жана анын тегерек-чекесине жайылды.

18 Бул окуялар тууралуу Жакыя өз шакирттеринен кабардар болду.

19 Ошондо ал шакирттеринин экөөсүн чакырып алып: «Келе турган Куткаруучу сенсиңби же башканы күтүшүбүз керекпи?» — деген суроо менен Ыйсага жөнөттү.

20 Алар Ыйсага келишип: — Бизди Жакыя жиберди. Ал сенден: «Келе турган Куткаруучу сенсиңби же башканы күтөлүбү?» деп сурап жатат, — дешти.

21 Ыйса ошол маалда көп адамдарды илдет-дарттарынан айыктырып, кара күчтөрдөн арылтып, көптөгөн сокурлардын көзүн ачкан эле.

22 Ыйса аларга: — Баргыла, уккан-көргөнүңөрдү Жакыяга айтып бергиле: сокурлардын көзү көрүп, буту шал болгондор басып, пес оорулуулар айыгып, дүлөйлөр угуп, өлгөндөр кайра тирилип, жакырларга Жакшы Кабар тарап жатат.

23 Ушул кылгандарымды көрүп туруп, Менин ким экенимен шек санабаган адам бактылуу, — деди.

24 Жакыя жиберген адамдар кеткенде, Ыйса элге Жакыя тууралуу мындай деди: — Ээн талаага эмнени көргөнү бардыңар эле? Шамал термелткен камыштыбы?

25 Айткылачы, деги эмнени көргөнү бардыңар эле? Кооз кийимчен адамдыбы? Тигине, кооз кийинип, шаан-шөкөттө жашагандар хан сарайларда жүрүшөт.

26 Анда эмнени көргөнү бардыңар? Пайгамбардыбы? Ооба! Силерге айтып коёюн: ал пайгамбардан да улуу.

27 Ыйык Жазууларда Кудай: «Мына, Сенин алдыңан кабарчымды жиберемин. Ал Сенден мурда барып, басар жолуңду даярдайт»,— деп ушул адам жөнүндө айткан.

28 Силерге айтып коёюн: энеден туулгандардын бири да Жакыядан улуу эмес! Бирок Кудай Падышачылыгында эң кичине деп эсептелген киши да андан улуу.

29 Ыйсанын сөзүн угуп турган элдин баары, ал тургай салыкчылар да, Кудайдын айтканын ак деп санашты. Анткени алар Жакыя тарабынан сууга чөмүлдүрүү расмисинен өтүшкөн болчу.

30 Ал эми бул расмиден мурда өтүшпөгөн фарисейлер менен дин мугалимдери Кудайдын аларга деген тилегин кабыл алышпады.

31 Ошондо Ыйса мындай деди: — Азыркы замандын адамдарын кимге салыштырсам? Деги алар кимге окшош?

32 Базарда олтуруп алып, бири бирине: «Той-тамаша күүсүн салып, чоор тартсак, эмнеге бийлебейсиңер, кошок кошсок, эмнеге ыйлабайсыңар?!» — деген жаш балдарга окшош.

33 Анткени кадимки тамактарды ичип-жебеген Жакыя келди эле, «буга жин тийиптир» дешти.

34 Башкаларга окшоп ичип-жеген Адам Уулу келди эле, «бул киши сугалак экен, шарапка жакын экен, салыкчылар менен күнөөкөрлөрдүн досу экен!» — дешти.

35 Бирок кандай болсо да, Кудайдын даанышмандыгы аны жактагандар тарабынан ырасталды.

36 Фарисейлердин бири Ыйсаны конокко чакырып калды. Ыйса анын үйүнө келип, дасторкондун жанына жамбаштап жатты.

37 Аңгыча ошол шаарда жашаган бир күнөөкөр аял Ыйсанын фарисейдикинде экенин билип, атыр май куюлган идишин көтөрүп, сырттан кирип келди.

38 Аял Ыйсанын аягына олтура калып, Анын бутуна көз жашын төгүп, ыйлай баштады. Анан Ыйсанын буттарын чачы менен сүртүп, өпкүлөп, атырын сыйпады.

39 Ыйсаны конокко чакырган фарисей муну көрүп, ичинен: «Эгер бул чын эле пайгамбар болсо, ага колун тийгизип жаткан аялдын ким жана кандай экенин билмек. Анткени бул күнөөгө баткан аял да», — деп ойлоду.

40 Ошондо Ыйса ага кайрылып: — Ысман, сага айта турган сөзүм бар, — деди. — Айтыңыз, устат, — деди Ысман.

41 Ошондо Ыйса мындай деди: — Бир киши эки адамга карызга акча берет. Биринчисине беш жүз, экинчисине элүү күмүш теңге бериптир.

42 Бирок алардын төлөгөнгө эч нерсеси жок болгондуктан, ал экөөнүн тең карыздарын кечип коёт. Эми айтчы: ушул экөөнүн кимисинин ага деген сүйүүсү көбүрөөк болот?

43 Ысман: — Көбүрөөк карызы кечирилген адамдыкы болуш керек деп ойлойм, — деди. — Туура айттың.

44 Ыйса ушундай деди да, аялды карап туруп, Ысманга мындай деп айтты: — Бул аялды көрдүңбү? Мен сенин үйүңө киргенде, сен Менин бутума суу куйган жоксуң. Бул аял болсо көз жашы менен бутумду жууду, чачы менен аарчыды.

45 Сен Мени бетимден өөп, тосуп алганың жок. Бул аял болсо келгенимден бери бутумду тынымсыз өпкүлөп жатат.

46 Сен башыма май куйбадың, бул аял болсо буттарымды атыр менен майлады.

47 Ошол себептен сага айтып коёюн: бул аялдын көп күнөөлөрү кечирилди, андагы мээримдин көптүгүнүн себеби мына ушунда. Ал эми кимге аз кечирилсе, анын мээрими да аз болот.

48 Анан аялга: — Күнөөлөрүң кечирилди! — деди.

49 Ошондо анын жанында олтургандар: «Күнөөлөрдү да кечире алган, деги бул ким өзү?» — дешти бири бирине.

50 Ыйса аялга айтты: — Сени ишенимиң куткарды, жакшы баргының!

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24