Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 10 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ырчылар тобунун башчысына. Дөөттүн забуру.

1 Теңирге таянам. Мага: «Куштай болуп тооңо учуп кет», – деп, кантип айтып жатасыңар?

2 Анткени, мына, кудайсыздар караңгыда таза жүрөктөрдү атыш үчүн, жаа чоюп жатышат, жебени жаанын жибине салып жатышат.

3 Пайдубалы бузулган соң, адил адам эмне кыла алат?

4 Теңир Өзүнүн ыйык ийбадатканасында, Теңир асмандагы тактысында. Анын көздөрү адам баласын көрүп турат, каректери аларды сынап турат.

5 Теңир адил адамды сындан өткөрөт, ал эми кудайсызды жана зордук-зомбулукту жакшы көргөндү Анын жаны жек көрөт.

6 Ал кудайсыздарга күйүп турган чокту, отту, күкүрттү жамгырдай жаадырат. Күйгүзгөн ысык шамал – алардын чөйчөктөгү үлүшү.

7 Анткени Теңир адилеттүү, Ал чындыкты сүйөт. Анын жүзү адил адамды көрүп турат.