Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 63 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ырчылар тобунун башчысына. Дөөттүн забуру.

2 Кудай, сыйынуумду ук, өмүрүмдү душмандын коркутуусунан сакта!

3 Мени бузукулардын арам ойлорунан, зулумдардын козголоңунан жашыр.

4 Алар тилдерин кылычтай курчутуп, заар сөздөрүн жебедей тартып турушат.

5 Күнөөсүздү жашыруун атып өлтүрүшөт, аны күтүлбөгөн жерден атышат, коркуп да коюшпайт.

6 Алар арам ойлорун ишке ашыруу үчүн бекем турушат, жашыруун тузак салууну кеңешишет. «Ким көрмөк эле?» – дешет.

7 Жалган нерселерди ойлоп таап, талдоо артынан талдоо жүргүзүп, атүгүл, адамдын ички дүйнөсүнө чейин, жүрөгүнүн түпкүрүнө чейин изилдешет.

8 Бирок Кудай аларды жебе менен кыйратат. Алар күтүлбөгөн жерден өлүшөт.

9 Алар өздөрүнүн тили менен өздөрүн кыйратышат. Аларды көргөндөрдүн баары качып кетишет.

10 Адамдардын баары коркуп, Кудайдын иштерин жарыя кылышат, бул Анын иши экенин түшүнүшөт.

11 Ал эми адил адам Теңирден кубаныч алат, Андан баш калкалар жай табат. Жүрөгү тазалардын баары Аны менен мактанышат.