Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 105 Бөлүм

тез өтүү:

1 Теңирди даңктагыла. Теңирди даңктагыла, анткени Ал жакшы, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

2 Кудайдын кудуреттүү иштерин ким айтып бүтө алат? Анын бүт даңкын ким жар салып бүтө алат?

3 Акыйкаттыкты сактагандар жана адилет иш кылгандар бактылуу!

4 Өз элиңе ырайым кылганда, мени эсте, Теңирим. Мага Өзүңдүн куткарууң менен кел!

5 Өзүң тандап алгандардын жыргал турмушун көрөйүн, элиңдин кубанганын көрүп кубанайын, Өзүңдүн мурасың менен сыймыктанайын.

6 Биз өзүбүздүн ата-бабаларыбызга окшоп күнөө кетирдик, мыйзамсыз иштерди кылдык, жалган иштерди жасадык.

7 Биздин ата-бабаларыбыз Мисирде Сенин кереметтериңди түшүнүшкөн жок, Сенин көп жолу көрсөткөн ырайымыңды эстешкен жок, деңиздин жанында, Кызыл деңиздин жанында нааразы болушту.

8 Бирок Теңир аларды Өз ысымы үчүн, Өз кудуретин көрсөтүү үчүн куткарды.

9 Ал Кызыл деңизге катуу сүйлөдү эле, ал соолуп калды. Аларды тереңдиктен кургак жер менен өткөндөй алып өттү.

10 Аларды жек көргөндөрдүн колунан куткарды, душмандардын колунан бошотту.

11 Суу алардын душмандарын басып калды, алардын бири да тирүү калган жок.

12 Ошондо алар Теңирдин сөзүнө ишенип, Аны даңктап ырдашты.

13 Бирок Анын иштерин тез эле унутуп коюшту, Анын буйруктарын күтүшкөн жок.

14 Алар чөлдө каалоолоруна берилишти, Кудайды эл жашабаган жерде сынашты.

15 Теңир алардын сураганын аткарды, бирок алардын жандарына оору жиберди.

16 Алар кошуунда Теңирдин ыйыктары Муса менен Арунга көз артышты.

17 Жер ачылып, Датанды жутуп алды; Абырамды тууган-уругу менен кошо жер басып калды.

18 Алар топтошкон жерден от чыкты, кудайсыздарды жалын күйгүзүп кетти.

19 Алар Хореп тоосунда музоо жасап алып, ошол жасалма кудайга табынышты.

20 Ошентип, өздөрүнүн даңкын чөп жеген музоонун айкелине алмаштырышты.

21 Мисирде улуу ишти жасаган өздөрүнүн куткаруучу Кудайын унутуп коюшту.

22 Анын Хам жеринде көрсөткөн кереметтерин, Кызыл деңизде кылган коркунучтуу иштерин унутуп коюшту.

23 Ошондо Кудай аларды кырып салгысы келди, бирок Кудайдын тандап алган адамы Муса Анын каарын токтотуу үчүн, асканын жаракасына тура калды, болбосо Кудай алардын баарын кырып салмак.

24 Алар өздөрү эңсеген жерди жек көрүштү, Анын сөзүнө ишенишкен жок.

25 Өз чатырларында наалышты, Теңирдин үнүнө кулак салышкан жок.

26 Ошондо Кудай Өзүнүн колун көтөрүп, аларды чөлдө жок кылам деп,

27 алардын тукумун башка элдердин арасында кыйратам деп, аларды жер жүзүнө таратып жиберем деп ант берди.

28 Алар Баал-Пейор деген жасалма кудайга жабышып, жансыз кудайларга чалынган курмандыктарды жешти.

29 Алар Кудайды өздөрүнүн иштери менен каардантышты, ошондо аларды жугуштуу оору каптады.

30 Пинехас чыгып, акыйкат чара көрдү, ошондо жугуштуу оору токтоду.

31 Бул ага кылымдар бою, укумдан-тукумга адилеттик катары эсептелинди.

32 Алар Мериба суусунун боюнда Кудайды каардантышты, алар үчүн Муса жабыр тартты.

33 Анткени алар анын рухун капалантышты, ошондо Муса тили менен күнөө кетирди.

34 Алар Теңир айткан элдерди жок кылышкан жок.

35 Тескерисинче, бутпарас элдер менен аралашып, алардын иштерин үйрөнүп алышты.

36 Алардын жасалма кудайларына кызмат кылышты, ошолор алар үчүн тор болду.

37 Өздөрүнүн уулдары менен кыздарын жиндерге курмандыкка чалышты.

38 Айыпсыз кан төгүштү, өздөрүнүн уулдары менен кыздарынын канын төгүштү, аларды канаандыктардын жасалма кудайларына арнап курмандыкка чалышты. Ошентип, жер кан менен булганды.

39 Өз иштери менен өздөрүн булгашты, иш-аракети менен бузукулук кылышты.

40 Ошондо Кудай Өз элине каарданды, Өз мурасынан жийиркенди.

41 Ошон үчүн аларды бутпарастардын колуна салып берди, аларды жек көргөндөр аларды башкарып калышты.

42 Аларды өз душмандары кысымга алышты, алар душмандарынын кол астында моюн сунушту.

43 Теңир аларды көп жолу куткарган эле, бирок алар Теңирди өздөрүнүн кежирлиги менен каардантышты. Ошентип, алар өздөрүнүн мыйзамсыз иштери үчүн кордолушту.

44 Бирок Кудай алардын ыйын укканда, алардын кайгысына назар салды.

45 Өзүнүн алар менен түзгөн келишимин эстеди. Аябай ырайымдуу болгондуктан, аларды аяды.

46 Аларды туткундагандардын жүрөгүндө боорукердикти ойготту.

47 Бизди куткар, Кудай-Теңирибиз, бизди башка элдердин арасынан чогултуп ал. Биз Сенин ыйык ысымыңды даңктайлы, Сенин даңкың менен мактаналы.

48 Ысрайылдын Кудай-Теңири кылымдан кылымга даңктала берсин! Ошондо бүт эл: «Оомийин! Теңирди даңктагыла!» – десин.