Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 119 Бөлүм

тез өтүү:

1 Табынуу үчүн бара жаткандагы ыр. Кайгырып турганымда, Теңирди чакырдым, Ал мени укту.

2 Теңир! Менин жанымды жалганчынын оозунан, амалкөйдүн тилинен куткар.

3 Амалкөй тил сага эмне берип, эмне кошот?

4 Күчтүүнүн курч жебелери менен сөксөөлдүн чогун.

5 Мешехте турганым үчүн, Кейдар чатырларында жашаганым үчүн, мага кайгы.

6 Менин жаным тынчтыкты жек көргөндөр менен бирге көпкө жашады.

7 Мен тынчтыкты каалаган адаммын, бирок мен сүйлөсөм эле, алар согушканга даяр.