Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 78 Бөлүм

тез өтүү:

1 Асаптын забуру. Кудай! Бутпарастар Сенин мурасыңа келишти. Сенин ыйык ийбадатканаңды булгашты, Иерусалимди урандыга айландырышты.

2 Сенин кулдарыңдын өлүктөрүн асмандагы куштарга жем кылышты, Сенин ыйыктарыңдын денелерин жырткычтарга жем кылышты.

3 Алардын кандарын Иерусалимдин тегерегинде суудай агызышты, аларды көмөр киши болгон жок.

4 Биз өз коңшуларыбызга күлкү болдук, тегерегибиздегилерге шылдың, күлкү болдук.

5 Теңир, качанга чейин ачуулана бересиң, ачууң качанга чейин от болуп күйө берет?

6 Өз каарыңды Сени билбеген элдерге, Сенин ысымыңды чакырбаган падышачылыктарга төк.

7 Анткени алар Жакыпты жутушту, анын үйүн кыйратышты.

8 Ата-бабаларыбыздын күнөөлөрү үчүн бизди жазалаба, бизге кечиктирбей ырайым кыл, анткени биз аябай алсырап калдык.

9 Кудай, биздин Куткаруучубуз, Өз ысымың даңкталышы үчүн, бизге жардам бер, бизди куткар, Өз ысымың үчүн биздин күнөөлөрүбүздү кечир.

10 Бутпарастар: «Булардын Кудайы кайда?» – деп айтышпасын. Кулдарыңдын төгүлгөн каны үчүн биздин көзүбүзчө өч алганың бутпарастар арасында белгилүү болсун.

11 Сага туткундун онтогон үнү жетсин. Өлүмгө кыйылгандарды Өзүңдүн кудуретиң менен куткар.

12 Теңирим, Сага акарат келтиришкени үчүн, биздин коңшуларыбызды жети эсе жазала.

13 Ал эми биз, Сенин элиң, Сенин жайытыңдагы койлоруң, Сени түбөлүккө даңктайбыз, Сенин даңкыңды укумдан-тукумга жарыялайбыз салабыз.