Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 41 Бөлүм

тез өтүү:

1 Бөтөн жерге куулуп кеткен адамдын кайгысы жана сооронуусу.

2 Ырчылар тобунун башчысына. Корактын уулдарынын үйрөтүүсү. Бугу тунук суунун башатын эңсегендей, менин жаным да эңсейт Сени, Кудайым!

3 Менин жаным күчтүү, тирүү Кудайды каалайт: Кудайдын алдына качан барып турам?

4 Ар күнү мага: «Сенин Кудайың кана?» – дешкенде, көзүмдүн жашы мен үчүн күнү-түнү нан ордуна болгон.

5 Ал жөнүндө эстеп, ички сырымды айтып жатам, анткени мен көп эл менен, майрамдап жаткан топ эл менен бирге Кудайды даңктап, Кудайдын үйүнө кубаныч менен кирчү элем.

6 Жаным, эмнеге чөгүп, эмнеге онтоп жатасың? Кудайга таян, анткени мен Аны – Куткаруучумду, Кудайымды дагы даңктайм.

7 Жаным кыйналып, мен Сени Иордан жеринен, Хермондон, Митсар тоосунан эстеп жатам.

8 Сенин шаркыратмаларыңдын үнү менен туңгуюк туңгуюкту чакырат. Сенин бардык сууларың менен толкундарың үстүмдөн өттү.

9 Күндүз Теңир Өзүнүн ырайымын көрсөтөт, түн ичинде мен Ага ыр арнаймын, өмүрүмдүн Кудайына сыйынам.

10 Өзүмдүн коргоочума, Кудайыма айтам: Эмне үчүн мени унуттуң? Эмне үчүн мен душмандарыма кордолуп, кыйналып жүрөм?

11 Душмандарым мени шылдыңдап, күн сайын мага: «Кудайың кана?» – деп айтышканда, сөөктөрүмдү сындырып жатышкансыйт.

12 Жаным, эмнеге чөгүп, эмнеге онтоп жатасың? Кудайга таян, анткени мен Аны – Куткаруучумду, Кудайымды дагы даңктайм.