Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 112 Бөлүм

тез өтүү:

1 Теңирди даңктагыла. Теңирдин кулдары, Теңирди даңктагыла, Теңирдин ысымын даңктагыла!

2 Теңирдин ысымы азыр жана түбөлүккө даңктала берсин.

3 Күн чыгыштан күн батышка чейин Теңирдин ысымы даңкталсын.

4 Теңир бардык элдерден жогору, Анын даңкы асмандан жогору.

5 Биздин Кудай-Теңирибиздей ким бар?

6 Жогоруда тактыда отурган Ал асман менен жерге көз салып туруш үчүн, бийиктен эңкейет.

7 Кедейди топурактан көтөрүп, жакырды балчыктан чыгарат.

8 Аны төрөлөр менен, элдин башчылары менен бирге отургузат.

9 Үйүндө отурган төрөбөгөн аялды балдарына кубанган эне кылат. Теңирди даңктагыла!