Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 19 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ырчылар тобунун башчысына. Дөөттүн забуру.

2 Сен кайгырган күнү Теңир үнүңдү уксун, сени Жакыптын Кудайынын ысымы сактасын.

3 Ал сага ыйык жайдан жардам, Сиондон күч-кубат жөнөтсүн.

4 Чалган курмандыктарыңдын баарын эске алсын, бүтүндөй өрттөлчү курмандыгыңды майлуу курмандык катары кабыл алсын.

5 Сага жүрөгүң каалаганды берсин, бүт тилегиңди аткарсын.

6 Биз сенин куткарылганыңа кубанабыз, биздин Кудайыбыздын атынан туу көтөрөбүз. Теңир сенин сураганыңдын баарын берсин.

7 Теңир Өзүнүн майланганын сактарын, Ага Өзүнүн ыйык асманынан Өзүнүн оң колунун куткаруучу күчү менен жооп берерин билдим.

8 Бири майдан арабалары менен, бири күлүк аттары менен мактанат, биз болсо Теңирдин, Кудайыбыздын ысымы менен мактанабыз.

9 Алар мүдүрүлүп жыгылышты, биз болсо турдук, бекем турабыз.

10 Теңир! Падышаны сакта, Өзүңдү чакырганда, үнүбүздү уга көр.