Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 100 Бөлүм

тез өтүү:

1 Дөөттүн забуру. Мен ырайым жана акыйкаттык жөнүндө ырдаймын. Теңир, мен Сага ырдаймын.

2 Күнөөсүз жол жөнүндө ой жүгүртөм: «Сен мага качан келесиң?» Мен өз үйүмдө жүрөгүмдүн тазалыгы менен жүрөм.

3 Мен өзүмдүн көз алдыма кереги жок буюмдарды койбойм. Кылмыш ишти жек көрөм, ал мага жабышпайт.

4 Бузулган жүрөк менден алынат, жаман нерсени билбей калам.

5 Өз жакынын жашыруун ушактаганды кууп чыгам. Текебер көзгө жана менменсинген жүрөккө чыдабайм.

6 Менин көздөрүм жердеги ишенимдүүлөрдө, алар менин жанымда турушат. Күнөөсүз жолдо жүргөн адам мага кызмат кылат.

7 Жүзү каралык менен иш кылгандар менин үйүмдө жашабайт, жалган сүйлөгөн адам менин алдымда турбайт.

8 Теңирдин шаарынан мыйзамсыз иш кылгандардын баарын жок кылыш үчүн, жер үстүндөгү кудайсыздардын баарын таң азандан кыра баштайм.