Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 136 Бөлүм

тез өтүү:

1 Сионду эстегенде, Бабыл дарыяларынын жээгинде отуруп алып ыйладык.

2 Ал жерде өскөн талдарга арфаларыбызды илдик.

3 Ал жерде бизди туткунга алгандар бизден ыр талап кылышты, бизди кысымга алгандар биздин көңүл ачуубузду талап кылып: «Бизге Сиондун ырларынан ырдап бергиле», – дешти.

4 Биз Теңирдин ырын бөтөн жерде кантип ырдайбыз?

5 Иерусалим, эгерде сени унутуп койсом, анда мени оң колум унутсун.

6 Иерусалим, эгерде сени эсимден чыгарып койсом, эгерде сени кубанычымдын туу чокусу кылбасам, анда тилим таңдайыма жабышып калсын.

7 Теңир, Эдом уулдарынан өч ал. Иерусалимди талкалап жатышканда, алар: «Талкалагыла, аны пайдубалына чейин талкалагыла», – дешкен.

8 Бабыл кызы, кыйраткыч! Сенин бизге кылгандарың үчүн өч алган адам бактылуу!

9 Сенин наристелериңди ташка чапкан адам бактылуу!