Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 7 Бөлүм

тез өтүү:

1 Бенжемин тукумунан чыккан Куштун иши боюнча Дөөттүн Теңир алдындагы зарлаган ыры.

2 Теңирим, Кудайым, мен Сага таянам. Мени куугунтукка алгандардан куткар, мени ошолордон сакта.

3 Алар мени куткаруучу жок кезде арстан өңдүү тытып, жанымды сууруп алышпасын.

4 Теңирим, Кудайым! Эгер мен бир жаман иш кылган болсом, колумда жалган иш болсо,

5 эгер мени менен тынч жашаган адамга жамандык кылган болсом (мен эч себепсиз мага душман болгон адамды да куткаргам),

6 анда мени душман кууп жетип, өмүрүмдү тебелеп, даңкымды күлгө айлантып салсын.

7 Теңир, каарың менен ордуңан тур, душмандарымдын жаалына каршы чык; мен үчүн ойгонуп, Өз өкүмүңдү чыгар, аны Өзүң осуят кылгансың.

8 Сенин тегерегиңе топ эл жыйылат, алардын үстүнөн жогору көтөрүл.

9 Теңир элдерди соттойт. Теңирим, мага чынчылдыгым, күнөөсүздүгүм боюнча өкүм чыгар.

10 Кудайсыздардын кыянаттыктары токтосун, адил адамга болсо күч бер, анткени Сен жүрөктөрдү, ички ойлорду сынайсың, адилеттүү Кудай!

11 Менин калканым – таза жүрөктөрдү куткаруучу Кудай.

12 Кудай – адилеттүү сот, Ал – ар күнү катуу жазалоочу Кудай.

13 Эгерде ким кайрылбаса, Ал кылычын курчутуп, жаасын мээлеп тартат.

14 Ал үчүн өлтүрүүчү куралдарды даярдайт, Өзүнүн жебелерин оттуу кылат.

15 Мына, кудайсыз адам жамандык сээп, куру нерсени багып, жалганды жыйнап алды.

16 Бирөөгө казган оруна өзү түштү.

17 Анын кылган жамандыгы өз башына көрүнөт, анын кылган кыянаттыгы төбөсүнө түшөт.

18 Мен Теңирди чындыгы үчүн даңктайм, бардыгынан жогору турган Теңирдин ысымын мактап ырдайм.