Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 68 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ырчылар тобунун башчысына. Шошаним күү аспабы менен. Дөөттүн забуру.

2 Кудай, мени куткар, анткени суулар менин жаныма чейин жетти.

3 Мен терең сазга батып калдым, бут коёрго жер жок. Суунун терең жерине кирдим, суунун шар агымы мени аласалдырып бара жатат.

4 Жардам сурагандан чарчадым, тамагым да кургап калды, Кудайымды күтө берип, көзүм талыды.

5 Мени себепсиз эле жек көргөндөр башымдагы чачымдан көп. Мени адилетсиз куугунтукка алган душмандарым күчөп кетти, мен алардын эч нерсесин тартып албасам да беришим керек экен.

6 Оо Кудай! Сен менин акылсыздыгымды билесиң, менин күнөөм Сенден жашыруун эмес.

7 Теңирим, Себайот Кудай, Сенден үмүт кылгандардын баары мен үчүн уят болушпасын. Ысрайыл Кудайы, Сени издегендер мен үчүн шылдың болушпасын.

8 Анткени мен Сен үчүн жаманатты болуп жатам, бетиме көө жаап жатышат.

9 Өз бир туугандарыма жат киши болуп калдым, өз энемдин балдарына бөтөн болуп калдым.

10 Анткени Сенин үйүңө болгон кызганыч мени жеп жатат, Сага тил тийгизгендердин суук тили мага тийип жатат.

11 Мен ыйлап орозо кармадым. Ушул үчүн да мени жамандап тилдешет.

12 Кийим ордуна зумбал кийсем, алар мени лакап кылып алышты.

13 Дарбаза жанында отургандар мени кеп кылып жатышат, шарап ичип отургандар мени ырга кошуп ырдап жатышат.

14 Бирок, Теңирим, мен Сага сыйынам. Кудайым, мени жакшы убакта Өзүңдүн эбегейсиз ырайымың менен, куткаруучу чындыгың менен ук!

15 Чөгүп кетпейин, мени сормо саздан сууруп чык. Жек көргөндөрдөн жана терең суулардан кутулайын.

16 Мени суу ташкыны агызып кетпесин, суунун ирими мени жутуп албасын, үстүмдөгү туңгуюк өзүнүн оозун жаап салбасын.

17 Мага кулак сал, Теңирим, анткени Сенин ырайымың жакшы. Өзүңдүн улуу ырайымың менен мага назар сал.

18 Өз кулуңдан жүзүңдү жашырба, анткени мен кайгыга малындым. Мага кечиктирбей жооп бер.

19 Жаныма жакын кел, жанымды куткар. Мени душмандарым үчүн куткар.

20 Менин шылдың болгонумду, уят болгонумду, жаманатты болгонумду билесиң. Душмандарымдын баары Сага белгилүү.

21 Шылдың сөздөрү жүрөгүмдү оорутту, алсырап калдым. Бирөө кайгыма ортоктош болор бекен деп күттүм, бирок андай болбоду; сооротуучуларды күттүм, бирок таба албадым.

22 Тамакка өт кошуп беришти, суусаганымда, ачуу ичимдик ичиришти.

23 Дасторкону өздөрүнө тор болсун, тынч өткөргөн тойлору өздөрүнө тузак болсун.

24 Алардын көздөрү караңгылап көрбөй калсын, алардын белин түбөлүккө алсырат.

25 Аларга каарыңды төк, аларды каарыңдын жалыны каптасын.

26 Үйлөрү аңгырап бош калсын, чатырларында эч ким жашабасын.

27 Анткени Сен жарадар кылганды алар да куугунтукка алышат. Сен жаралагандардын азаптарын арбытып жатышат.

28 Алардын күнөөсүнө күнөө кош, Сен аларды актаба.

29 Алар тирүүлөрдүн китебинен өчүрүлсүн, алардын аты адил адамдардын аттары менен бирге жазылбасын.

30 Мен болсо жардымын, азап тартып жатам, Кудайым, Сен мага жардам берип бекемде.

31 Мен өз Кудайымдын ысымын даңктап ырдайм, Аны даңазалайм.

32 Бул өгүзгө караганда, мүйүздүү жана туяктуу букачарга караганда Теңирге көбүрөөк жагат.

33 Муну запкы тарткандар көрүп кубанышат. Кудайды издегендердин жүрөктөрү жанданат.

34 Анткени Теңир жакырларды угат, Өз туткундарын жек көрбөйт.

35 Аны асман менен жер, деңиз жана анда жашагандардын бардыгы даңктасын.

36 Анткени Кудай Сион тоосун куткарат, Жүйүт шаарларын кайра тургузат, ошондо алар ал жерлерге отурукташышат, ал жерлерди ээлеп алышат.

37 Анын кулдарынын укум-тукуму ал жерди мурастайт, Анын ысымын сүйгөндөр ал жерге отурукташышат.