Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 129 Бөлүм

тез өтүү:

1 Табынуу үчүн бара жаткандагы ыр. Тереңдиктен Сени чакырам, Теңирим.

2 Теңирим! Менин үнүмдү ук. Менин жалынуумду көңүл коюп ук.

3 Теңирим, эгерде Сен мыйзамсыздыктын баарын эсиңе сактай берсең, Теңирим, анда ким туруштук бере алат?

4 Бирок Сенде кечирим бар, баары Сенин алдыңда коркуп турушсун.

5 Мен Теңирден үмүттөнөм, жаным үмүттөнөт. Мен Анын сөзүнө таянам.

6 Менин жаным Теңирди таңдын атышын күткөн сакчылардан да, таңдын атышын күткөн сакчылардан да артык күтөт.

7 Ысрайыл эли Теңирге таянсын, анткени Теңирде ырайым жана толук куткарылуу бар.

8 Ал Ысрайыл элин бардык мыйзамсыз иштеринен куткарат.