Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 5 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ырчылар тобунун башчысына. Үйлөмө аспаптар менен. Дөөттүн забуру.

2 Теңир, сөздөрүмдү ук, ойлорумду түшүн.

3 Муң-зарыма кулак сал, Падышам менин, Кудайым менин! Анткени мен Сага сыйынып жатам.

4 Теңирим! Таң заардан үнүмдү ук, алдыңа эрте келип күтүп турам.

5 Анткени Сен мыйзамсыздыкты сүйбөгөн Кудайсың. Жамандык кылган адам Сенин алдыңда тура албайт.

6 Кудайсыздар көз алдыңда тура алышпайт: мыйзамсыз иш кылгандын бардыгын Сен жек көрөсүң.

7 Жалган айткандарды Сен ойрон кыласың. Канкор менен калпычыдан Теңир жийиркенет.

8 Мен болсо Сенин улуу ырайымың менен Сенин үйүңө кирем, Сенин ыйык ийбадатканаңды карап, Сенден коркуу менен таазим кылам.

9 Теңир! Душмандарым үчүн мени чындык жолуңа сал, менин алдымдагы Өзүңдүн жолуңду түздө.

10 Анткени алардын оозунда чындык жок: алардын жүрөгү – бүлгүн, кекиртеги – ачык мүрзө, тилдери менен жасакерленишет.

11 Кудай, аларды жазала, алар өздөрүнүн арам оюнан апат болушсун. Аларды көп мыйзамсыз иштери үчүн четке как, анткени алар Сага баш ийишкен жок.

12 Сага таянгандардын бардыгы кубанычка бөлөнүп, түбөлүккө шаттанышат, Сен аларды коргойсуң. Сенин ысымыңды сүйгөндөр Сени менен мактанышат.

13 Анткени Сен, Теңир, адил адамга батаңды бересиң, аны Өзүңдүн ырайымың менен калкан сымал калкалайсың.