Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 75 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ырчылар тобунун башчысына. Кыл аспаптар менен. Асаптын забуру. Ыр.

2 Кудай Жүйүт аймагында белгилүү, Ысрайылда Анын ысымы улуу.

3 Анын үйү Шалемде, жашаган жайы Сион тоосунда.

4 Ал жерде Кудай жаанын жебелерин, калканды, кылычты, согуш куралдарын талкалады.

5 Сен даңктуусуң, жырткыч тоолордон да күчтүүсүң.

6 Эр жүрөктөр да жем болушту, түбөлүк уйкуга кетишти, күчтүү аскерлер да күчтөрүн жоготушту.

7 Оо, Жакыптын Кудайы, Сенин каарыңдан ат да, араба да түбөлүк уйкуга кетти.

8 Сен өтө коркунучтуусуң. Сен каарданганда, ким туруштук бере алат?

9 Асмандан өкүмүңдү жарыялаганда, жер коркконунан тынчып калды.

10 Анткени Кудай жердеги эзилгендердин баарын куткаруу үчүн, сот жүргүзүү үчүн ордунан турду.

11 Ошондо адамдардын каардануусу Сени даңктоого айланат, калган каарды да Өзүң тыясың.

12 Кудай-Теңирге убадаларыңарды бергиле, аларды аткаргыла! Анын тегерегинде тургандар коркунучтуу Кудайга тартууларын алып келишсин.

13 Ал төрөлөрдүн рухун баш ийдирет, жердеги падышалар үчүн Ал коркунучтуу.