Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 149 Бөлүм

тез өтүү:

1 Теңирди даңктагыла. Теңирге жаңы ыр ырдагыла. Ал ыйыктардын жыйынында макталсын.

2 Ысрайыл Өз Жаратуучусуна шаттансын. Сион уулдары Өз Падышасына кубансын.

3 Анын ысымын бий бийлеп даңкташсын. Ага дап кагып, гусли чертип ырдашсын.

4 Анткени Теңир Өз элине ыраазы, момундарды куткарып, даңкка бөлөйт.

5 Ыйыктар даңкталып кубанышсын, өздөрүнүн төшөгүндө да ырдашсын.

6 Кудайга арналган даңктоо сөздөр алардын оозунда болсун, эки миздүү кылыч колдорунда болсун.

7 Элдерден өч алышсын, урууларды жазалашсын,

8 алардын падышаларын туткундашсын, төрөлөрүн кишендешсин.

9 Аларга жазылган өкүмдү жүзөгө ашырышсын. Бул – Анын бардык ыйыктары үчүн урмат. Теңирди даңктагыла!