Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 14 Бөлүм

тез өтүү:

1 Дөөттүн забуру. Теңир! Ким Сенин турагыңда жашай алат? Ким Сенин ыйык тооңдо тура алат?

2 Күнөөсүз жашаган, адилеттик кылган, жүрөгүндө чындыкты сүйлөгөн,

3 ушак айтпаган, жакынына кыянаттык кылбаган, өз жакынын жамандаганды укпаган,

4 Кудайдан баш тартканды жек көргөн, ал эми Кудайдан корккондорду сыйлаган, зыян тартып каларына карабай, берген антынан танбаган,

5 күмүш дилдесин үстөккө бербеген, айыпсызга каршы пара жебеген адам гана жашай алат. Ушундай адам гана эч качан мүдүрүлбөйт.