Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 42 Бөлүм

тез өтүү:

1 Мага акыйкаттык кыл, Кудайым, кара ниет эл менен болгон ишиме кийлигиш. Мени адилетсиз, амалкөй адамдан куткар.

2 Анткени Сен мага күч бере турган Кудайсың. Эмнеге Сен мени таштап салдың? Эмне үчүн мен душмандарыма кордолуп, кыйналып жүрөм?

3 Өз жарыгың менен чындыгыңды жибер. Алар мени жетектеп, Сенин ыйык тооңо, Сен жашаган жерге алып барышсын.

4 Ошондо мен Кудайдын курмандык чалынуучу жайына, мага кубаныч, шаттык берген Кудайыма келем, гусли чертип, Сени даңктайм, Кудай, менин Кудайым!

5 Жаным, эмнеге чөгүп, эмнеге онтоп жатасың? Кудайга таян, анткени мен Аны – Куткаруучумду, Кудайымды дагы даңктайм.