Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 3 Бөлүм

тез өтүү:

1 Дөөттүн өз баласы Абышаломдон качкандагы забуру.

2 Оо Теңир! Душмандарым ушунчалык көбөйүп кетти! Көбү мага каршы чыгып жатат.

3 Мен жөнүндө: «Кудай аны куткарбайт», – деп жатышат.

4 Бирок Сен, Теңир, менин калканымсың, атак-даңкымсың, башымды көтөрө турган Сенсиң.

5 Үн чыгарып, Теңирди чакырам, Ал мени Өзүнүн ыйык тоосунан угат.

6 Жатсам да, уктасам да, турсам да, мени Теңир коргойт.

7 Мага миңдеген элдер бардык тараптан каршы чыгышса да коркпойм.

8 Теңирим, ордуңан тур! Кудайым, мени куткар! Анткени Сен гана менин бардык кас-душманымды бетке урасың, кудайсыздардын тишин талкалайсың.

9 Куткарылуу Теңирден. Сенин батаң Өз элиңдин үстүндө болсун.