Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 110 Бөлүм

тез өтүү:

1 Теңирди даңктагыла. Теңирим, мен Сени чын жүрөгүм менен адил адамдардын кеңешмесинде жана жыйындарда даңктайм.

2 Теңирдин иштери улуу, Анын иштерин сүйгөндөрдүн бардыгына алар суктанарлык.

3 Анын иши – даңк жана сулуулук, Анын адилеттиги түбөлүктүү.

4 Ал Өзүнүн кереметтерин унутулгус кылып койгон. Теңир ырайымдуу жана боорукер.

5 Теңир Өзүнөн корккондорго тамак берет. Өз келишимин түбөлүккө унутпайт.

6 Бутпарастардын мурасын Өз элине берүү үчүн, ага Өз иштеринин күчүн көрсөттү.

7 Анын колунун иштери – чындык жана акыйкаттык. Анын осуяттары туура,

8 кылымдан кылымга бекем турат, чындык менен адилеттикке негизделген.

9 Ал Өз элине куткаруу жөнөттү. Өз келишимин түбөлүккө сактаганга берди. Анын ысымы ыйык жана коркунучтуу!

10 Акылмандыктын башталышы – Теңирден коркуу. Анын буйруктарын аткаруучулардын баары акылдуу. Даңк Ага түбөлүккө таандык.