Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 71 Бөлүм

тез өтүү:

1 Сулайманга. Оо Кудай! Падышага Өзүңдүн калыстыгыңды, падышанын уулуна Өз адилеттигиңди бер.

2 Ал Сенин элиңди, жакырларыңды сотто адилет соттосун.

3 Адамдарга тоолор тынчтык, адырлар чындык алып келсин.

4 Ал элдин жакырларын туура соттосун, кедейлердин балдарын сактасын, зулумдарды тыйсын.

5 Күн менен ай турганда, муундан муунга Кудайдан коркушсун.

6 Ал чабылган шалбаага жааган жамгырдай жаасын, жер сугарган тамчылардай тамсын.

7 Анын күндөрүндө адил адам гүлдөйт, асмандагы ай жок болгончо, тынчтык өкүм сүрүп турат.

8 Ал деңизден деңизге чейинки жерди жана дарыядан жердин акырына чейинки аймактарды ээлейт.

9 Анын алдына чөл эли жыгылып таазим кылат, анын душмандары топурак жалашат.

10 Таршыш менен аралдардын падышалары ага алым беришет. Аравия жана Шеба падышалары тартууларды алып келишет.

11 Ага бардык падышалар таазим кылышат, бардык элдер кызмат кылышат.

12 Анткени ал жардам сурап кыйкырып жаткан жакырды жана жардам берүүчүсү жок эзилгенди куткарат.

13 Кедей менен жакырга ырайым кылат, байкуш кедейлердин жанын куткарат.

14 Алардын жанын кара ниеттерден, зордук-зомбулуктан куткарат, анын көз алдында алардын каны кымбатка турат.

15 Ал жашайт, ага Аравиянын алтындарын берип турушат, ал үчүн тынымсыз сыйынып турушат, ага ар күнү бата берип турушат.

16 Жерде да, тоодо да түшүм мол болот. Анын жемиштери Лебанон токоюндай шуудурайт, шаарларда эл жердеги чөптөй көбөйөт.

17 Анын ысымы түбөлүккө сакталат. Асмандагы күн жок болгончо, анын ысымы муундан муунга айтыла берет. Ал аркылуу элдер бата алышат. Бардык элдер ага алкыш айтышат.

18 Кудай-Теңир, Ысрайылдын Кудайы, кереметтерди жасаган жалгыз Өзү даңктала берсин!

19 Анын даңктуу ысымы даңкталсын, бүт жер жүзү Анын даңкына толсун. Оомийин, оомийин!

20 Жышай уулу Дөөттүн сыйынуулары бүттү.