Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 98 Бөлүм

тез өтүү:

1 Теңир падышачылык кылып жатат: бүт элдер титиреп турушсун! Ал керуптардын үстүндө отурат: жер титиресин!

2 Теңир Сион тоосунда улуу! Ал бардык элдерден жогору турат.

3 Сенин улуу жана коркунучтуу ысымыңды даңкташсын. Ал ыйык!

4 Сен акыйкаттыкты сүйгөн күчтүү Падышасың. Сен адилеттикти орноттуң. Жакыпка адилеттигиң менен калыстыгыңды көрсөттүң.

5 Кудай-Теңирибизди даңазалагыла, Анын бут алдына келип таазим кылгыла. Ал ыйык!

6 Ыйык кызмат кылуучулардын ичинен Муса менен Арун, Анын атын чакыргандардын ичинен Шемуел Теңирди чакырышкан, Теңир аларды уккан.

7 Теңир аларга булут түрмөгү ичинен сүйлөгөн. Алар Теңир берген осуяттар менен мыйзамды сакташкан.

8 Теңир, биздин Кудайыбыз! Сен аларга кулак салдың. Сен алар үчүн кечире турган жана иштерине жараша жазалай турган Кудай болчусуң.

9 Теңирди, биздин Кудайды, даңазалагыла, Ага Анын ыйык тоосунда табынгыла, анткени Теңир, биздин Кудайыбыз, ыйык.