Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 66 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ырчылар тобунун башчысына. Кыл аспаптар менен. Забур. Ыр.

2 Кудай! Бизге ырайымдуу бол, бизге батаңды бер, бизди Өз жүзүң менен жарык кыл.

3 Бүт жер жүзү Сенин жолуңду таанып билсин, бардык элдер Сенин куткарууңду көрүшсүн.

4 Кудайым, Сени элдер даңктасын, Сени бардык элдер даңктасын!

5 Уруулар кубанып шаттансын! Анткени Сен элдерди адилет соттоп, бүт жер жүзүндөгү элдерди башкарасың.

6 Кудайым, Сени элдер даңктасын, Сени бардык элдер даңктасын!

7 Жер өз жемишин берди: Кудай, биздин Кудай, бизге батасын берсин.

8 Бизге Кудай батасын берсин, бүт жер жүзү Кудайдан корксун!