Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 146 Бөлүм

тез өтүү:

1 Теңирди мактагыла, анткени Кудайыбызды даңктап ырдаган жакшы, анткени бул жагымдуу. Ал даңкка татыктуу.

2 Теңир Иерусалимди кайра курат, Ысрайылдын куугунтукталып жүргөн элин жыйнайт.

3 Ал жүрөгү жаралангандарды айыктырат, аларды кайгысынан арылтат.

4 Жылдыздардын санын эсептейт, алардын ар бирин атынан атайт.

5 Теңирибиз улуу, Анын күчү зор, акылы чексиз.

6 Момундарды Теңир жогору көтөрөт, ал эми кудайсыздарды жерге кулатат.

7 Теңирди кезектешип мактап ырдагыла. Кудайга гусли чертип ырдагыла.

8 Ал асманды булут менен жабат, жерге жамгыр жаадырат, тоолорго чөп өстүрөт.

9 Малга, Өзүн чакырган карганын балапандарына тамак берет.

10 Ал аттын күчүнө карабайт, адамдын күлүктүгүнө ыраазы болбойт.

11 Теңир Өзүнөн корккондорго, Өзүнүн ырайымына үмүттөнгөндөргө ыраазы болот.