Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 77 Бөлүм

тез өтүү:

1 Асаптын үйрөтүүсү. Элим, менин мыйзамымды ук, менин оозумдан чыккан сөздөргө кулак сал.

2 Менин оозумдан накыл сөздөр чыгат, өткөн заманда болгон окуяларды айтып берем.

3 Уккандарыбызды, билгендерибизди, ата-бабаларыбыздын бизге айтып бергендерин баяндайм.

4 Буларды балдарыбыздан жашырбайбыз, келе жаткан муунга Теңирдин даңкын, күчүн, көрсөткөн кереметтерин жарыя кылам.

5 Ал Жакып үчүн мыйзам чыгарып, Ысрайыл үчүн мыйзам жазган, ошол мыйзамдарды биздин ата-бабаларыбызга балдарына айтып берүүнү осуят кылган.

6 Аларды келе жаткан муун, төрөлө турган балдар билиши үчүн, убагы келгенде алар да өз балдарына айтып бериши үчүн,

7 Кудайдан үмүт кылышы үчүн, Анын иштерин унутпашы үчүн, Анын осуяттарын сакташы үчүн,

8 өздөрүнүн ата-бабаларындай, жүрөктөрү өзгөрбөгөн, руху менен Кудайга берилбеген, баш ийбес, кежир муун болбошу үчүн осуят кылган.

9 Куралданган, жаа тарткан Эпрайым уулдары согуш болуп жаткан күнү артка качышты.

10 Алар Кудайдын осуятын сакташкан жок, Анын мыйзамы боюнча жашоодон баш тартышты.

11 Анын иштерин жана өздөрүнө көрсөткөн кереметтерин унутушту.

12 Кудай алардын ата-бабаларынын көз алдында Мисир жеринде, Соан талаасында кереметтерди көрсөттү.

13 Деңизди жара бөлүп, аларды ошол аркылуу өткөрдү, сууну дубалдай тургузду.

14 Күндүз аларды булут менен, түнкүсүн от жарыгы менен алып жүрдү.

15 Түпсүздүктөн суу чыгарып бергендей, чөлдө ташты жарып, алардын суусунун кандырды.

16 Аскадан суу чыгарды, суу дарыядай акты.

17 Бирок алар Анын алдында күнөө кыла беришти, чөлдө бардыгынан жогору турган Кудайды каарданта беришти.

18 Өз жүрөктөрүндө Кудайды сынап, өздөрү каалаган тамакты талап кылышты.

19 Кудайга каршы сүйлөп: «Чөлдө Кудай дасторкон даярдап бере алмак беле?» – дешти.

20 Бирок ал ташты урганда, суу чыгып ага баштады. «Кудай нан бере алмак беле? Ал Өз элине эт бышырып бере алмак беле?» – дешти.

21 Муну Теңир угуп, катуу каарданды. Жакыпка каршы от жалындап күйдү, Кудайдын каары Ысрайылга каршы бет алды.

22 Анткени алар Кудайга ишенишкен жок, Анын куткарарына ишенишкен жок.

23 Ал асмандагы булуттарга буйрук берип, асман эшиктерин ачты.

24 Алардын үстүнө асмандан манна жаадырды, аларга асман нанын берди.

25 Адамдар периштелердин нанын жешти, Кудай аларга тамакты тоюшунча берди.

26 Асмандан чыгыш шамалын козгоду, Өз күчү менен түштүк шамалын жиберди.

27 Аларга этти топурактай жаадырды, канаттууларды деңиз кумундай жаадырды.

28 Аларды кошуундарынын арасына, үйлөрүнүн жанына жаадырды.

29 Алар жеп, аябай тоюшту. Аларга каалаганын берди.

30 Бирок алардын каалоосу кана электе эле, алар тамактарын жута электе эле,

31 аларга каршы Кудайдын каары келип, алардын бараандууларын өлтүрдү, Ысрайылдын жигиттерин сулатты.

32 Бирок алар ушунун баарын көрүп турушса да, күнөө кыла беришти, Анын кереметтерине ишенишкен жок.

33 Ошол үчүн Кудай алардын жашоо күндөрүн түйшүктүү кылып, жашоо жылдарын дүрбөлөңгө түшүрдү.

34 Кудай аларды өлтүрө баштаганда, алар Кудайды издей башташты; Кудайга кайрылып, таң азандан Кудайга жалынышты.

35 Кудай өздөрүнүн баш калкалар жайы экенин, бардыгынан жогору турган Кудай өздөрүнүн Куткаруучусу экенин ошондо эстешти.

36 Ооздору менен Ага кошомат кылышты, тилдери менен Анын алдында калп айтып жатышты.

37 Жүрөктөрү болсо Анын алдында таза эмес эле, алар Анын осуятына берилишкен эмес.

38 Бирок Ал ырайымдуулук кылып, алардын күнөөлөрүн кечирди, аларды кырып салган жок. Көп жолу каарын кайт кылды, көп жолу Өзүнүн бүт жаалын козгогон жок.

39 Кудай алардын кетсе кайрылып келбей турган адам экенин, жел экенин эске алды.

40 Алар чөлдө Аны канча жолу каардантышты! Эч ким жашабаган жерде Аны канча жолу ачуулантышты!

41 Кудайды кайрадан сынашты, Ысрайылдын Ыйыгына акарат келтиришти.

42 Алар Анын куткарган колун, Анын эзүүдөн куткарган күнүн унутушту.

43 Анын Мисирде жасаган кереметтерин жана Соан талаасындагы ажайыптарын унутушту.

44 Алар суу иче албай калышы үчүн, Кудай алардын дарыялары менен өзөндөрүн канга айландырды.

45 Аларды чактырыш үчүн курт-кумурскаларды, өлтүрүш үчүн курбакаларды каптатты.

46 Алардын өстүргөн өсүмдүктөрүн кырк аяктарга, алардын эмгегин чегирткелерге жем кылды.

47 Алардын жүзүмдөрүн мөндүр менен, тыт жыгачтарын муз менен талкалады.

48 Алардын бодо малын добул менен, майда малын чагылган менен кырды.

49 Аларга Өзүнүн каарынын жалынын, ачуусун, жаалын жана алааматын каптатып, кыйратуучу периштелерди жөнөттү.

50 Өзүнүн каарын кандыруунун жолун тапты, алардын жанын өлүмдөн сактаган жок, малдарына жугуштуу оору каптатты.

51 Мисирдеги бардык тун балдарды, Хам чатырларындагы бардык күч башаттарын өлтүрдү.

52 Анан Өз элин койлордой алып жөнөдү, аларды чөлдө койлордой алып жүрдү.

53 Аларды коопсуз алып жүрдү, алар коркушкан жок, алардын душмандарын болсо деңиз басып калды.

54 Аларды Өзүнүн ыйык жерине, Өзүнүн оң колу менен ээлеп алган ушул тоого алып келди.

55 Алардын алдынан элдерди кууп жиберип, алардын жерин аларга мурас кылып бөлүп берди, Ысрайыл урууларын алардын үйлөрүнө киргизди.

56 Бирок алар бардыгынан жогору турган Кудайды дагы сынашты, капалантышты, Анын мыйзамдарын сакташкан жок.

57 Ата-бабаларына окшоп туруксуз, ишенимсиз болушту, кайып кеткен жебедей артка кетишти.

58 Өздөрүнүн бийик жерлери менен Аны каардантышты, таш буркандары менен Анын кызганычын козгошту.

59 Кудай муну угуп, катуу каарданды, Ысрайылга аябай ачууланды.

60 Кудай Шилодо турган үйүн, адамдар арасында Өзү жашаган жыйын чатырын таштап кетти.

61 Өзүнүн чебин туткунга, Өзүнүн даңкын душмандардын колуна салып берди.

62 Өз элин кылыч мизине салып берди, Өз мурасына ачууланды.

63 Элдин жигиттерин от жалмады, анын кыздарына арнап нике ырларын ырдабай калышты.

64 Ыйык кызмат кылуучулары кылычтан өлүп жатышты, жесирлери ыйлабай калышты.

65 Бирок Теңир уйкудан ойгонгонсуп, шараптан соолуга албай жаткан алптай болуп, ордунан туруп келди да,

66 анын душмандарын артка качырды, түбөлүккө уятка калтырды.

67 Жусуптун чатырын четке какты, Эпрайым уруусун тандап алган жок.

68 Тескерисинче, Жүйүт уруусун жана Өзү сүйгөн Сион тоосун тандап алды.

69 Өзүнүн ыйык жайын асмандай бийик кылып курду, жердей кылып түбөлүккө тургузду.

70 Өз кулу Дөөттү кой короодон тандап алды, аны алып чыкты.

71 Аны саан малдан бөлүп алып, Өз эли Жакыпты, Өз мурасы Ысрайылды кайтаруу үчүн алып келди.

72 Дөөт аларды таза жүрөк менен кайтарды, аларды акылман колу менен жетектеп жүрдү.