Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 145 Бөлүм

тез өтүү:

1 Теңирди даңктагыла. Жаным, Теңирди макта.

2 Теңирди өмүрүм өткөнчө мактайм. Көзүм тирүү турганда, Кудайымды даңктап ырдайм.

3 Төрөлөргө, адам баласына таянбагыла, алар жардам бере алышпайт.

4 Анын руху чыгат, ошондо ал кайра топурак болуп калат. Ошол күнү анын ойлору ойрон болот.

5 Жакыптын Кудайы жардам берүүчүсү болгон, үмүтү Кудай-Теңиринде болгон адам бактылуу.

6 Ал – асман менен жерди, деңизди жана анын ичиндегилерди жараткан, ишенимдүүлүктү түбөлүккө сактаган,

7 кор болгондорго адилеттик кылган, ачкаларга нан берген Кудай-Теңир. Теңир туткундарды бошотот.

8 Теңир сокурлардын көзүн ачат, кулагандарды тургузат; Теңир адил адамдарды сүйөт.

9 Теңир келгиндерди сактайт, жетим менен жесирге жардам берет, ал эми кудайсыздардын жолун бузат.

10 Теңир түбөлүккө падышачылык кылат. Сион, сенин Кудайың түбөлүктүү. Теңирди даңктагыла!