Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 64 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ырчылар тобунун башчысына. Ырдоо үчүн Дөөттүн забуру.

2 Кудайым, Сиондогу даңк Сага таандык, Иерусалимде Сага убада беришет.

3 Сен сыйынууну угасың, ар бир адам Сага чуркайт.

4 Мыйзамсыз иштер мени кыйнап жатат. Кылмыштарыбызды Сен Өзүң тазалайсың.

5 Сен тандап алган, Өзүңдүн корооңдо жашашы үчүн Өзүңө жакындаткан адам бактылуу. Биз Сенин үйүңдүн, Сенин ыйык ийбадатканаңдын баталарына тоёбуз.

6 Адилет сотто коркунучтуу болгон Кудай, бизге кулак сал. Биздин Куткаруучубуз, төгөрөктүн төрт бурчунун, алыскы деңиздегилердин таянычы Сенсиң.

7 Өз күчү менен тоолорду тургузган, кудурет менен курчанган,

8 деңиздердин шоокумун, алардын толкундарын, элдердин козголоңдорун токтоткон Сенсиң!

9 Сенин жышаандарыңдан бүт жер жүзүндө жашагандар коркушат. Эртең менен да, кечинде да Өзүң даңкталасың.

10 Жерге түшүп, анын суусунун кандырасың, аны мол түшүмгө байытасың. Сенин дарыяларың сууларга толгон, жерден дан бересиң, анткени жерди ошондой кылып жараткансың.

11 Анын бороздорун кандырасың, өңгүл-дөңгүл жерлерин түздөйсүң, жамгыр суусу менен жибитесиң, өсүмдүктөрүнө батаңды бересиң.

12 Жылды берекеңе бөлөйсүң, Сен баскан жерлерден май төгүлүп турат.

13 Чөлдөрүңөн май төгүлөт, адырлар кубанычка бөлөнүшөт.

14 Жайыттар малга, өрөөндөр данга толуп, бардыгы шаттанып ырдашат.