Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 54 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ырчылар тобунун башчысына. Кыл аспаптар менен. Дөөттүн үйрөтүүсү.

2 Оо Кудай, менин сыйынуумду ук, менин жалбарган үнүмдү укпай койбо.

3 Мени тыңша, мага кулак сал. Кайгыдан кыйналып онтоп жатам,

4 душмандын үнүнөн, кудайсыздын кысымынан коркуп жатам. Анткени алар мага каршы мыйзамсыз иштерди жасап жатышат, каарданып, кастык кылып жатышат.

5 Жүрөгүм титиреп жатат, мени өлүм коркунучу каптады.

6 Мени коркунуч менен калтырак басты, үрөйдү учурган коркунуч каптады.

7 Ошондо мен мындай дедим: «Ким мага көгүчкөндүкүндөй канат берет? Мен учуп чыгып, тынч алар элем.

8 Алыска учуп кетип, ээн чөлдө жашар элем.

9 Куюндан, бороондон жашынганга шашылар элем».

10 Теңир, аларды талкала, аларды ар кандай тилдерге бөл, анткени мен шаарда болуп жаткан зордук-зомбулукту, чыр-чатакты көрүп жатам.

11 Алар күн-түн дебей, шаар дубалдарын айланып жүрүшөт. Шаар ичинде – кыянатчылык менен кыйынчылык.

12 Анын дал ортосунда – бүлгүн-чапкын. Шаардын көчөлөрүнөн алдамчылык менен эки жүздүүлүк кетпейт.

13 Анткени мени шылдыңдап жаткан адам душманым эмес, аны мен көтөрмөкмүн. Мага менменсинип жаткан адам мени жек көргөн адам эмес, андан мен качып кутулмакмын:

14 бирок ошол сенсиң, жандай көргөн досум, жакын адамым.

15 Сен экөөбүз чын жүрөктөн сырдашчу элек, Кудайдын үйүнө бирге барчу элек.

16 Алардын түбүнө өлүм жетсин, алар өлгөндөр жаткан жайга тирүүлөй түшсүн, анткени алардын үйүндө, алардын арасында кыянаттык бар.

17 Ал эми мен Кудайды чакырам, ошондо Теңир мени куткарат.

18 Эртең менен да, түштө да, кечинде да жалынып жалбарам, ошондо Ал менин үнүмдү угат.

19 Ким менин жанымды мага каршы чыккандардан тынчтык менен куткарат, анткени мага каршылар көп.

20 Кылымдардан бери тактыда отурган Кудай угуп, аларды моюн сундурат, анткени аларда эч өзгөрүү жок, алар Кудайдан коркушпайт.

21 Алар өздөрү менен тынч жашагандарга кол салып, өздөрүнүн келишимин бузушту.

22 Алардын ооздору майдан да жумшак, бирок жүрөктөрүндө – кастык. Сөздөрү зайтун майынан да жумшак, бирок өздөрү – кындан суурулган кылыч.

23 Өз түйшүктөрүңдү Теңирге тапшыр, ошондо Ал сени колдойт. Ал адилеттүү адамдын олку-солку болуусуна эч качан жол бербейт.

24 Кудайым, Сен аларды өлүм оруна түшүрөсүң, канкорлор менен кара ниеттер өмүрүнүн жарымын да жашабайт. Ал эми мен, Теңир, Сага гана таянам.