Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 126 Бөлүм

тез өтүү:

1 Табынуу үчүн бара жаткандагы ыр. Сулаймандыкы. Эгерде үйдү Теңир курбаса, анда аны куруп жаткандардын иштегени бекер. Эгерде шаарды Теңир сактабаса, сакчынын уктабай сак турганы бекер.

2 Силердин эрте туруп, кеч жатып, кыйналып нан таап жегениңер бекер. Анткени Ал аны Өзү сүйгөн адамга уктап жатканында да берет.

3 Балдар – Теңир берген мурас. Перзенттер – Ал берген сыйлык.

4 Жаш балдар күчтүүнүн колундагы жебелердей.

5 Саадагын аларга толтурган адам бактылуу! Алар душмандары менен дарбаза алдында сүйлөшкөндө, уятка калышпайт.