Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 115 Бөлүм

тез өтүү:

1 Мен ишенгем, ошондуктан: «Мен катуу кыйналдым», – дедим.

2 Мен ойлонбой туруп: «Бардык адамдар алдамчы», – дедим.

3 Теңирдин мага кылган бардык жакшылыгын кантип актайм?

4 Куткаруу чөйчөгүн кабыл алып, Теңирдин ысымын чакырам.

5 Теңирге Анын бүт элинин алдында берген убадаларымды аткарам.

6 Теңирдин көз алдында Өзүнүн ыйыктарынын өлүмү кымбат!

7 О Теңир! Мен Сенин кулуңмун, мен Сенин кулуңмун, мен Сенин күңүңдүн уулумун. Сен менин кишендеримди чечтиң.

8 Сага мактоо курмандыгын арнайм, Теңирдин ысымын чакырам.

9 Теңирге Анын бүт элинин алдында берген убадаларымды аткарам.

10 Аларды Теңир үйүнүн короосунда, Иерусалим, сенин ичиңде аткарам! Теңирди даңктагыла!