Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 131 Бөлүм

тез өтүү:

1 Табынуу үчүн бара жаткандагы ыр. Теңир, Дөөттү эсте, анын бардык азап-кайгысын эсте.

2 Анын Теңирге кандай ант бергенин, Жакыптын Күчтүүсүнө кандай убада бергенин эсте:

3 «Теңирге жай тапмайынча, Жакыптын Күчтүүсүнө турак-жай тапмайынча,

4 үйүмө кирбейм, төшөгүмө жатпайм,

5 көз ирмебейм, кирпик какпайм».

6 Биз ал жөнүндө Эфратадан уктук, биз аны Жейарим талааларынан таптык.

7 Анын турак-жайына баралы, Анын бут алдына жыгылып таазим кылалы.

8 Теңир, Өзүңдүн бейпил жайыңа кудуретиңди көрсөткөн келишим сандыгың менен кел.

9 Сенин ыйык кызмат кылуучуларың адилеттикти кийишет, Сенин ыйыктарың кубанышат.

10 Өз кулуң Дөөт үчүн Өзүңдүн майланганыңдан жүз бурба.

11 Теңир Дөөткө: «Сенин тактыңа өз тукумуңдан отургузам.

12 Эгерде сенин уулдарың Менин келишимимди жана аларга үйрөтө турган мыйзамдарымды сакташса, анда алардын уулдары да түбөлүккө сенин тактыңда отурушат», – деп ант берген, аны таптакыр бузбайт.

13 Анткени Теңир Сионду тандап алды, аны Өзүнө турак жай кылууну каалады.

14 «Бул Менин бейпил жайым, ушул жерге жайгашам, анткени Мен ушул жерди кааладым.

15 Анын тамагына батамды мол берем, анын жакырларын нанга тойгузам.

16 Анын ыйык кызмат кылуучуларына куткарылуу кийгизем, анын ыйыктары кубанышат.

17 Ал жерде Дөөттүн мүйүзүн кайрадан көтөрөм, Өзүмдүн майланганыма чырактан даярдадым.

18 Душмандарын уятка калтырам, ал эми анын башындагы таажысы жаркырап турат».