Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 128 Бөлүм

тез өтүү:

1 Табынуу үчүн бара жаткандагы ыр. Мени жаш күнүмдөн көп кысымга алышты, – деп айтсын Ысрайыл, –

2 мени жаш күнүмдөн көп кысымга алышты, бирок жеңе алышкан жок.

3 Менин жонума сокочулар узун бороздорду салып жер айдашты.

4 Бирок Теңир адилет: Ал кудайсыздардын аркандарын кыя чапты.

5 Сионду жек көргөндүн баары уятка калып артына качсын.

6 Алар жулуна электе эле куурап калган там башындагы чөптөй болушсун.

7 Ал чөпкө орокчунун колу толбойт, боолукчунун уучу толбойт.

8 Алардын жанынан өткөндөр: «Теңирдин батасы силердин үстүңөрдө болсун! Силерге Теңирдин ысымы менен бата беребиз!» – деп айтышпайт.