Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 65 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ырчылар тобунун башчысына. Ыр. Забур. Бүт жер жүзү, Кудайды даңазала!

2 Анын ысымын даңктап ырда, Аны даңкта, макта.

3 Кудайга: «Сенин иштериң кандай коркунучтуу! Сенин күчүң зор, ошондуктан Сага душмандарың багынат», – дегиле.

4 Бүт жер жүзү Сага таазим кылып, Сени мактап ырдасын, Сенин ысымыңды даңктап ырдасын.

5 Келгиле, Кудайдын иштерин көргүлө, Анын адам баласына кылган иштери коркунучтуу.

6 Ал деңизди кургактыкка айлантты. Дарыядан жөө өтүштү. Ошол жерде биз Аны менен кубанганбыз.

7 Ал Өз кудурети менен түбөлүк бийлик жүргүзөт. Анын көздөрү элдерди карап турат, козголоңчулар көтөрүлүшпөсүн.

8 Элдер, биздин Кудайды даңктагыла, Анын даңкын жар салгыла.

9 Ал биздин өмүрүбүздү сактап калды, бутубуздун тайышына жол берген жок.

10 Кудай, Сен бизди сынадың, бизди күмүштү эриткендей эриттиң.

11 Сен бизге тузак тарттың, башыбызга алаамат түшүрдүң.

12 Адамдарды башыбызга чыгардың. Биз отко да, сууга да кирдик, анан Сен бизди азаттыкка алып чыктың.

13 Мен Сенин үйүңө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар менен кирип, Сага берген убадаларымды аткарам.

14 Алар менин башыма кыйынчылык түшкөндө, өз оозумдан чыккан, аларды мен өз тилим менен айткам.

15 Кочкорлордун майларын өрттөп, мен Сага бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалам, өгүздөр менен текелерди курмандыкка чалам.

16 Кудайдан корккондор, баарыңар келип уккула, Ал менин жаным үчүн эмне кылгандыгын силерге жарыя кылам.

17 Мен Аны өз оозум менен чакыргам, Аны өз тилим менен мактагам.

18 Эгерде мен жүрөгүмдөн мыйзамсыздыкты көргөн болсом, анда Теңир мени укмак эмес.

19 Бирок Кудай укту, менин жалынган үнүмө кулак салды.

20 Менин сыйынуумду четке какпаган, мени Өз ырайымынан ажыратпаган Кудайга алкыш!