Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 134 Бөлүм

тез өтүү:

1 Теңирди даңктагыла. Теңирдин үйүндө, Кудайыбыздын үйүнүн короосунда турган Теңирдин кулдары,

2 Теңирдин ысымын мактагыла, мактагыла.

3 Теңирди мактагыла, анткени Теңир жакшы. Анын ысымын мактап ырдагыла, анткени бул жагымдуу.

4 Анткени Теңир Өзүнө Жакыпты тандап алды, Ысрайылды Өзүнө менчик эл кылып тандап алды.

5 Мен Теңирдин улуу экенин, биздин Кудай-Теңирибиз бардык кудайлардан жогору экенин таанып билдим.

6 Теңир асманда, жерде, деңизде, бардык түпкүрдө эмне кааласа, ошонун баарын жасайт.

7 Жер кыйырынан булуттарды көтөрөт, жамгыр жаадырып, чагылганды жаратат, Өзүнүн сактоочу жайларынан шамал чыгарат.

8 Ал мисирликтердин тунгучтарын, малынын төл башыларын кырып салган.

9 Мисир, сенин ичиңде, фараонго жана анын бардык кулдарына каршы жышаандары менен кереметтерин көрсөткөн.

10 Ал көптөгөн күчтүү падышаларды:

11 Амор падышасы Сихонду, Башан падышасы Огду, Канаандын бардык падышачылыктарын жок кылган.

12 Алардын жерлерин мураска, Өз эли Ысрайылга мураска берген.

13 Теңирим! Сенин ысымың түбөлүктүү. Теңирим! Сен муундан муунга унутулбайсың.

14 Анткени Теңир Өз элине болушат, Өзүнүн кулдарына ырайым кылат.

15 Бутпарас элдердин жасалма кудайлары – күмүш жана алтын, адамдын колу менен жасалган нерселер.

16 Алардын ооздору бар, бирок сүйлөбөйт; көздөрү бар, бирок көрбөйт.

17 Алардын кулактары бар, бирок укпайт; алардын ооздорунан дем чыкпайт.

18 Аларды жасагандар, алардан үмүт кылгандар ошолорго окшоп калышат.

19 Ысрайыл тукуму! Теңирди даңкта! Арун тукуму! Теңирди даңкта!

20 Леби тукуму! Теңирди даңкта! Теңирден корккондор! Теңирди даңктагыла!

21 Сиондо, Иерусалимде жашаган Теңирге алкыш! Теңирди даңктагыла!