Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 94 Бөлүм

тез өтүү:

1 Келгиле, Теңирди мактап ырдайбыз, биздин куткаруучу тирегибизди кубануу менен мактайбыз!

2 Анын алдына даңктоо сөздөр менен келели, Аны ыр менен даңктайлы.

3 Анткени Теңир – улуу Кудай жана бардык кудайлардын үстүнөн улуу Падыша.

4 Жер тереңдиктери Анын колунда, тоо чокулары да Аныкы.

5 Деңиз да Аныкы, деңизди Ал жараткан, кургактыкты да Анын колдору жараткан.

6 Келгиле, Жаратуучубузга – Теңирибизге табыналы, таазим кылалы, Анын алдында тизе бүгөлү.

7 Анткени Ал биздин Кудайыбыз, биз Анын жайытындагы элбиз, Анын колу менен жаратылган койлорбуз. Оо, силер Анын үнүн азыр уксаңар кана:

8 «Мериба жеринде, чөлдөгү сыноо күндөрүндө жүрөгүңөрдү өжөрлөнткөндөй, жүрөгүңөрдү өжөрлөнтпөгүлө.

9 Ал жерлерде Мени силердин ата-бабаларыңар сынашты. Менин иштеримди көрүп турушса да, алар Мени сынашты.

10 Мени бул эл кырк жыл каардантты, ошондо Мен мындай дедим: Бул эл – жүрөгү менен адашкан эл. Алар Менин жолдорумду таанып билишкен жок.

11 Ошондуктан Мен каарданып турганымда: “Алар Менин бейпил жайыма киришпейт”, – деп ант бердим».