Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 114 Бөлүм

тез өтүү:

1 Теңир менин үнүмдү, жалынуумду укканына кубанам.

2 Ал мага кулак салды, ошондуктан мен Аны өмүрүм өткөнчө чакырам.

3 Мени өлүм торлору чырмап алды, мага өлгөндөр жаткан жайдын кыйноолору жетти; мен кысталышта калдым, кайгыга туш болдум.

4 Ошондо мен: «Теңир! Менин жанымды куткар», – деп, Теңирдин ысымын чакырдым.

5 Теңир ырайымдуу жана адилет, биздин Кудайыбыз боорукер.

6 Теңир куулугу жок адамдарды сактайт: мен алсырап калганда, Ал мага жардам берди.

7 Жаным, өзүңдүн бейпил жайыңа кайт, анткени Теңир сага ырайым кылды.

8 Сен менин жанымды өлүмдөн, көздөрүмдү жаштан, буттарымды мүдүрүлүүдөн куткардың.

9 Мен Теңирдин алдында, тирүүлөрдүн жеринде жашайм.