Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 97 Бөлүм

тез өтүү:

1 Забур. Теңирге жаңы ыр ырдагыла, анткени Ал укмуштарды жаратты. Ага Өзүнүн оң колу жана ыйык билеги жеңиш алып берди.

2 Теңир Өзүнүн куткаруу ишин көрсөттү, элдердин көз алдында Өзүнүн чындыгын ачты.

3 Ал Өзүнүн Ысрайылга болгон ырайымын жана ишенимдүүлүгүн эстеди. Бүт жер жүзү биздин Кудайыбыздын куткаруу ишин көрдү.

4 Бүт жер жүзү, Теңирди кубаныч менен даңкта, шаттан, ырда!

5 Теңирге гуслинин коштоосунда ырдагыла, Теңирди гусли менен, забур менен мактагыла.

6 Сурнай менен мүйүздүн коштоосунда Падыша Теңирдин алдында кубангыла.

7 Деңиз шарпылдасын, анда жашагандар шаттанышсын; аалам да, анда жашагандар да кубанышсын.

8 Дарыялар да кол чабышсын, тоолор да чогуу шаттанышсын.

9 Бардыгы Теңирдин алдында кубанышсын, анткени Ал жерди соттогону келе жатат. Ал ааламды акыйкаттык менен соттойт, элдерди туура соттойт.