Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 107 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ыр. Дөөттүн забуру.

2 Кудайым, Менин жүрөгүм даяр. Мен ырдайм, аспап чертип ырдайм, ойгон жаным!

3 Ойгон, арфа жана гусли! Мен эрте турам.

4 Теңир, мен Сени элдер арасында даңктайм. Мен Сени уруулар арасында мактап ырдайм.

5 Анткени Сенин ырайымың асмандан бийик, Сенин ишенимдүүлүгүң булуттарга чейин жетет.

6 Жогору көкөлө, Кудайым. Бүт жер үстүндө Сенин даңкың болсун.

7 Сенин сүйүктүүлөрүң бошотулсун: мени Өзүңдүн оң колуң менен куткар, мага кулак сал.

8 Кудай Өзүнүн ыйык жайында мындай деди: «Жеңишке жетем, Шекемди бөлөм, Сукот өрөөнүн өлчөйм.

9 Гилат да, Менаше да Меники, Эпрайым – Менин башымдагы туулга, Жүйүт Менин бийлик таягым.

10 Маап Менин жууна турган чылапчыным. Эдомго өтүгүмдү сунам. Пелишти жерин жеңип, жеңиш үнү менен кыйкырам».

11 Ким мени бекем чептүү шаарга киргизет? Ким мени Эдомго жеткирет?

12 Кудайым, Сен бизди таштап койдуңбу? Кудайым, биздин аскерлер менен согушка чыкпайсыңбы?

13 Бизге кысталышта жардам бер, анткени адамдын жардамы – курулай убаракерчилик.

14 Кудай менен күчтүүбүз, Ал душмандарыбызды кулатат.