Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 26 Бөлүм

тез өтүү:

1 Дөөттүн забуру. Теңир менин жарыгым, менин куткаруучум: кимден коркмок элем? Теңир – менин өмүрүмдүн тиреги: кимден үрөйүм учмак эле?

2 Эгерде кара ниет адамдар, жоолорум, кас душмандарым менин этимди тытып жеш үчүн, мага кол сала турган болсо, анда алар өздөрү чалынып жыгылышат.

3 Мага кошуун каршы чыкса да, менин жүрөгүм коркпойт. Мага каршы согуш чыкса да, Кудайга таянам.

4 Теңирден мен бир гана нерсени сурадым, ошону гана издеп келем: өмүр бою Теңирдин үйүндө болгум келет, Теңирдин сулуулугун көргүм келет, Анын ийбадатканасына барып тургум келет.

5 Анткени башыма мүшкүл түшкөн күнү Ал мени чатырына жашырат, Өзүнүн турагынын жашыруун жерине жашырып коёт, мени аскага чыгарып жиберет.

6 Ошондо менин башым мени курчаган душмандардан жогору көтөрүлөт, мен Анын жыйын чатырына даңктоо курмандыгын алып келем, Теңирди даңазалап ырдайм.

7 Теңир, Сени чакырган үнүмдү ук. Мага ырайым кыл, кулак сал.

8 Жүрөгүм Сенин атыңдан: «Менин жүзүмдү издегиле», – деп жатат. Ошондуктан Сенин жүзүңдү издейм, Теңир.

9 Менден жүзүңдү жашырба, ачууланып, кулуңдан баш тартпа. Менин жардам берүүчүм элең, мени четке какпа, мени таштаба, Кудайым, менин Куткаруучум!

10 Анткени мени атам да, энем да таштап кетти, бирок Теңир мени кабыл алат.

11 Теңир, мага Өзүңдүн жолуңда жүргөндү үйрөт, душмандарым үчүн мени чындык жолуна сал.

12 Мени душмандарымдын колуна салып бербе, анткени мага жалган күбөлөр каршы чыгып, жек көрүп жатышат.

13 Бирок мен Теңирдин кең пейилдигин тирүүлөрдүн жеринде көрөрүмө ишенем.

14 Теңирден үмүттөн, кайраттуу бол, жүрөгүң бекем болсун, Теңирден үмүттөн.