Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 76 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ырчылар тобунун башчысына. Жедутундуку боюнча. Асаптын забуру.

2 Үнүм Кудайга жетсин, жардам сурап кайрылам; үнүм Кудайга жетсин, Ал мени угат.

3 Башыма кыйынчылык түшкөн күнү Теңирди издейм; түн ичинде сунулган колум түшпөйт; жаным тынчтангысы келбейт.

4 Кудайды ойлоп титиреп жатам. Ойлоно берип, рухум алсырап бара жатат.

5 Сен мага кирпик кактырбайсың, кыйналдым, сүйлөөгө дарманым жок.

6 Байыркы күндөр жөнүндө, өтүп кеткен жылдар жөнүндө ойлоном.

7 Түнкүсүн ырларымды эстейм, жүрөгүм менен сырдашам, рухум менин алдыма суроо коёт:

8 Чын эле, Теңир биротоло баш тарттыбы, мындан ары ырайым кылбайбы?

9 Чын эле, Анын ырайымы биротоло токтодубу, Анын убада сөзү укумдан-тукумга жетпей үзүлдүбү?

10 Чын эле, Кудай ырайым кылганды унуттубу? Чын эле, Ал ачуусу менен Өзүнүн боорукерлигин токтотуп койдубу?

11 Мен дагы: «Бардыгынан жогору турган Кудайдын оң колунун өзгөргөнү – менин кайгым», – дедим.

12 Теңирдин иштерин эске салам. Сенин мурунку кереметтериңди эске салам.

13 Сенин бардык иштериң жөнүндө ой жүгүртөм, Сенин улуу иштериң жөнүндө ойлоном.

14 Кудай! Сенин жолуң ыйык. Биздин улуу Кудайдай Кудай барбы?

15 Сен укмуштарды жараткан Кудайсың. Өз кудуретиңди элдердин арасында айкын көрсөттүң.

16 Сен Өзүңдүн кудуреттүү күчүң менен Өз элиңди, Жакып менен Жусуптун уулдарын куткардың.

17 Кудайым, Сени суулар көрүштү, Сени суулар көрүп коркушту, туңгуюктар титирешти.

18 Булуттар сууларын төгүп, асмандан күн күркүрөдү, Сенин жебелериң учту.

19 Сенин добулуңдун үнү бүт асманга жаңырды, чагылган ааламды жарык кылды, жер солкулдап титиреди.

20 Сенин жолуң деңизде жатат, Сенин чыйырың чоң сууларда жатат, Сенин изиңди эч ким таппайт.

21 Өз элиңди Мусанын жана Арундун колу менен койлорду ээрчиткенсип ээрчитип жүрдүң.