Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 141 Бөлүм

тез өтүү:

1 Дөөттүн үйрөтүүсү. Анын үңкүрдө жаткандагы сыйынуусу. Үнүмдү чыгарып, Теңирди чакырдым; үнүмдү чыгарып, Теңирге сыйындым.

2 Анын алдына жалынуумду төктүм, Ага зар-муңумду ачтым.

3 Рухум алсырап калганда, Сен менин жолумду билгенсиң. Алар мен жүргөн жолго торлорун жашыруун жайышты.

4 Оң жагымды карасам, эч ким мени тааныбайт, мен үчүн баш калкалар жер жок, эч ким менин жаным үчүн кам көрбөйт.

5 Теңир, мен Сени чакырдым, мен Сага мындай деп кайрылдым: Сен менин баш калкалар жайымсың, тирүүлөр жашаган жерде менин үлүшүмсүң.

6 Менин зар-муңума кулак сал, анткени мен аябай алсырап калдым. Мени куугунтукка алгандардан куткар, анткени алар менден күчтүүрөөк.

7 Жанымды капастан чыгар, Сенин ысымыңды даңктайын. Мага жакшылык кылсаң, тегерегиме адил адамдар чогулат.