- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
- 37
- 38
- 39
- 40
- 41
- 42
- 43
- 44
- 45
- 46
- 47
- 48
- 49
- 50
- 51
- 52
- 53
- 54
- 55
- 56
- 57
- 58
- 59
- 60
- 61
- 62
- 63
- 64
- 65
- 66
- 67
- 68
- 69
- 70
- 71
- 72
- 73
- 74
- 75
- 76
- 77
- 78
- 79
- 80
- 81
- 82
- 83
- 84
- 85
- 86
- 87
- 88
- 89
- 90
- 91
- 92
- 93
- 94
- 95
- 96
- 97
- 98
- 99
- 100
- 101
- 102
- 103
- 104
- 105
- 106
- 107
- 108
- 109
- 110
- 111
- 112
- 113
- 114
- 115
- 116
- 117
- 118
- 119
- 120
- 121
- 122
- 123
- 124
- 125
- 126
- 127
- 128
- 129
- 130
- 131
- 132
- 133
- 134
- 135
- 136
- 137
- 138
- 139
- 140
- 141
- 142
- 143
- 144
- 145
- 146
- 147
- 148
- 149
- 150
1 Менин жаным, Теңирди даңкта! Теңирим, Кудайым! Сен укмуштуудай улуусуң, Сен даңк менен улуулукка чулгангансың.
2 Сен жарыкты чапандай киесиң, асманды чатырдай жаясың.
3 Сен үстүнкү бөлмөлөрүңдү суулардын үстүнө кургансың, булуттарды Өзүңө араба кыласың, шамалдын канаттарынын үстүндө жүрөсүң.
4 Сен Өз периштелериңди шамал, Өз кызматчыларыңды жалындаган от кыласың.
5 Сен жерди бекем негизге орноттуң: ал кылымдан кылымга бекем турат.
6 Сен анын үстүн түпсүздүк менен жабуу жапкандай жаптың. Тоолорго сууларды жайгаштырдың.
7 Сенин катуу буйругуңдан суулар качты, Сенин күркүрөгөн үнүңдөн качканча шашышты.
8 Алар Сен дайындаган тоолорго чыгышат, өрөөндөргө түшүшөт.
9 Сен алар өтө алгыс чек койдуң, ошондуктан алар жерди жабыш үчүн кайрылып келбейт.
10 Сен булактын сууларын жибердиң: алар тоо арасынан агып жатышат,
11 алар талаадагы жаныбарлардын баарын сугарат; жапайы эшектер суусунун кандырып жатышат.
12 Алардын жанында асман куштары жашашат, бутактардын арасынан үн салып турушат.
13 Өз бийиктиктериңден тоолорду сугарып турасың, жер Сенин иштериңдин жемишине тоёт.
14 Сен мал үчүн чөп өстүрөсүң, адамдын пайдасы үчүн өсүмдүк өстүрөсүң, жерден азык өндүрөсүң.
15 Адамдын жүрөгүн кубандырган шарапты, адамдын жүзүн жылтыраткан зайтун майын, адамга кубат берген нанды бересиң.
16 Теңир Өзү отургузган Теңирдин дарактары, Лебанон кедрлери сугарылат.
17 Алардын үстүнө куштар уя салышат: карагайлар – илегилектердин турак жайы,
18 бийик тоолор – кийиктердин жайы, аскалар – суурлардын баш паанеги.
19 Айды Ал убакытты билдирүү үчүн жаратты, күн өзүнүн качан батарын билет.
20 Сен караңгылык каптатасың, ошондо түн болот. Түн ичинде бүт токой жаныбарлары жортуп жүрүшөт.
21 Арстандар жем издеп айкырышат, Кудайдан өздөрүнө тамак сурашат.
22 Күн чыкканда, алар чогулуп, өздөрүнүн үңкүрлөрүнө жатышат.
23 Адам өзүнүн жумушуна чыгып, кечке чейин иштейт.
24 Сенин иштериң кандай көп, Теңир! Сен баарын даанышмандык менен жасагансың. Жер Сен жараткан нерселерге толгон.
25 Мына, чалкыган улуу деңиз. Андагы тирүү жандыктарга, чоң-кичине жаныбарларга сан жетпейт.
26 Анда кемелер сүзүп жүрөт, анда Сен жараткан лебийатан оюн салып жүрөт.
27 Бардыгы Сенин өз маалында тамак берүүңдү күтүшөт.
28 Аларга берсең – жешет, колуңду ачсаң – берекеңе тоюшат.
29 Жүзүңдү жашырсаң – дүрбөлөңгө түшүшөт, алардын жанын алсаң – өлүп, кайра топуракка айланышат.
30 Эгерде Өзүңдүн рухуңду жиберсең, алар жаралышат. Ошентип, Сен жер бетин кайрадан жаңыртасың.
31 Теңир түбөлүккө даңктала берсин! Теңир Өз иштерин көрүп кубансын!
32 Жерди караса, жер титирейт; тоолорго тийсе, тоолор түтөйт.
33 Өмүрүм өткөнчө, Теңирди даңктап ырдай берем; көзүм тирүү турганда, Кудайымды ырдап даңктай берем.
34 Ырдаган ырым Ага жаксын, Теңир менен кубанам.
35 Күнөөкөрлөр жер үстүнөн жок болушсун, мыйзамсыздар биротоло жок болушсун. Менин жаным, Теңирди даңкта! Теңирди даңктагыла!
- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
- 37
- 38
- 39
- 40
- 41
- 42
- 43
- 44
- 45
- 46
- 47
- 48
- 49
- 50
- 51
- 52
- 53
- 54
- 55
- 56
- 57
- 58
- 59
- 60
- 61
- 62
- 63
- 64
- 65
- 66
- 67
- 68
- 69
- 70
- 71
- 72
- 73
- 74
- 75
- 76
- 77
- 78
- 79
- 80
- 81
- 82
- 83
- 84
- 85
- 86
- 87
- 88
- 89
- 90
- 91
- 92
- 93
- 94
- 95
- 96
- 97
- 98
- 99
- 100
- 101
- 102
- 103
- 104
- 105
- 106
- 107
- 108
- 109
- 110
- 111
- 112
- 113
- 114
- 115
- 116
- 117
- 118
- 119
- 120
- 121
- 122
- 123
- 124
- 125
- 126
- 127
- 128
- 129
- 130
- 131
- 132
- 133
- 134
- 135
- 136
- 137
- 138
- 139
- 140
- 141
- 142
- 143
- 144
- 145
- 146
- 147
- 148
- 149
- 150