Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 83 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ырчылар тобунун башчысына. Гиттит күү аспабы менен. Корактын уулдарыныкы. Забур.

2 Турак жайларың кандай сонун, Себайот Теңир!

3 Теңирдин короосун көксөп, жаным аябай алсырады. Менин жүрөгүм да, денем да тирүү Кудайды даңктап ырдап жатат.

4 Кудуреттүү Теңирим, Падышам, Кудайым, Сенин курмандык чалынуучу жайыңдын жанынан чымчык да өзүнө жай табат, чабалекей да балапандарын басып чыгарганга уя табат.

5 Сенин үйүңдө жашагандар бактылуу, алар Сени тынбай мактап турушат.

6 Күчтү Сенден алган, жүрөгү Сага бурулган адам бактылуу.

7 Ый өрөөнү менен өтүп бара жатып, алар ал жерден булак ачышат. Жамгыр да ал өрөөнгө батасын төгөт.

8 Алардын күчүнө күч кошулуп, Сиондогу Кудайдын алдына келишет.

9 Теңир, Себайот Кудай! Менин сыйынуумду ук, Жакыптын Кудайы, мага кулак сал!

10 Кудайыбыз, биздин коргоочубуз, бизге назарыңды сал! Өзүңдүн майлаганыңдын жүзүн кара.

11 Анткени Сенин корооңдо бир күн болуу миң күндөн артык. Мыйзамсыздардын үйүндө жашаганга караганда, Кудайдын үйүнүн улагасында болууну каалайм.

12 Анткени Кудай-Теңир – күн жана калкан, Теңир ырайымын төгүп, даңкка бөлөйт. Таза жүргөндөрдү Ал жакшылыктан ажыратпайт.

13 Себайот Теңир! Сага таянган адам бактылуу!