Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 6 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ырчылар тобунун башчысына. Сегиз кылдуу аспап менен. Дөөттүн забуру.

2 Оо Теңир! Мени ачууланып ашкерелебе, мени каарданып жазалаба.

3 Ырайым кыл, Теңир, анткени мен алсызмын. Айыктыр мени, Теңир, анткени сөөктөрүм титиреп жатат.

4 Жаным да аябай кыйналып турат. Оо Теңир, мага качан жеңилдик бересиң?

5 Мага назар сал, Теңир, жанымды куткар, мени Өзүңдүн ырайымың боюнча сакта.

6 Анткени өлгөндөр Сени эскербейт. Көрдө ким Сени даңазалайт?

7 Үшкүрө берип, аябай чарчадым. Жаткан жеримди ар түнү көз жашым менен жууйм, төшөгүмдү көз жашка чылайм.

8 Кайгыдан көздөрүм соолуду, бүт душмандарымдын айынан көздөрүм тунарып калды.

9 Мыйзамсыз иш кылгандар, баарыңар менден оолак болгула, анткени Теңир менин ыйымды укту.

10 Теңир жалынуумду укту, Теңир сыйынуумду кабыл кылат.

11 Менин бүт душмандарым шылдың болуп, аёосуз кыйратылышсын. Артка качып, күтүлбөгөн жерден уятка калышсын.