Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 125 Бөлүм

тез өтүү:

1 Табынуу үчүн бара жаткандагы ыр. Теңир Сиондун туткундарын кайра алып келгенде, биз түш көргөндөй болгонбуз.

2 Ошондо оозубуз күлкүгө, тилибиз ырга толгон. Ошондо элдер өз ара: «Теңир булар үчүн чоң иш кылды», – деп айтышкан.

3 Теңир биз үчүн улуу иш кылды, биз кубандык.

4 Теңир, чөлгө суу жибергендей, биздин туткундарды кайра алып кел!

5 Көз жаш төгүп сепкендер кубанып оруп алышат.

6 Үрөндөрүн талаага ый менен көтөрүп баргандар боолорун кубаныч менен көтөрүп кайтышат.